2026-жылдын 9–10-ноябрь күндөрү Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарында англис тили мугалимдерин даярдоо программаларын иштеп чыгуучулардын Борбордук Азиялык жолугушуусу болуп өттү. Иш-чара Британия Кеңеши тарабынан ишке ашырылып жаткан AELLCA («Борбордук Азияда англис тилин тездетилген үйрөнүү») программасынын алкагында уюштурулду.

Аталган жолугушууга Кыргыз Республикасынын төрт жогорку окуу жайынын өкүлдөрүнөн турган делегация катышты. Алардын катарында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Чет тилдер институтунун ага окутуучусу Гульнара Акунова да болду.

Иш-чара А. Авлони атындагы Улуттук педагогикалык чеберчилик институтунун базасында өткөрүлүп, анын жүрүшүндө катышуучулар Британия Кеңешинин башкы аткаруучу директору Скотт Макдональд менен жолугушту. Жолугушууда англис тили мугалимдерин даярдоо боюнча жаңыланган окуу программаларынын долбоорлору тааныштырылды.

Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандан келген 30 улуттук консультанттын катышуусунда педагогикалык билим берүүнү өркүндөтүү, окутуучулардын үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүүсү, инклюзивдик жана рефлексивдүү окутуу ыкмаларын киргизүү, билим берүүдө жасалма интеллектти колдонуу, коммуникативдик методдорду өнүктүрүү жана педагогикалык компетенцияларды баалоо маселелери талкууланды.

Ошондой эле келечектеги мугалимдердин педагогикалык практикасын кеңейтүү, насаатчылык системасын өнүктүрүү жана аймактык кызматташтыкты чыңдоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Чет тилдер институтунун өкүлү Гульнара Акунованын бул жолугушууга катышуусу институттун англис тили мугалимдерин даярдоо багытындагы тажрыйбасын жайылтууга, эл аралык кесиптик байланыштарды бекемдөөгө жана билим берүүнүн заманбап ыкмалары менен таанышууга өбөлгө түздү.

Белгилей кетсек, AELLCA программасы Британия Кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги менен биргеликте ишке ашырылууда. Кыргызстанда долбоордун жаңыланган окуу программасы 2026-жылдын сентябрь айынан тартып колдонууга киргизилген. Долбоорго өнөктөш жогорку окуу жайларынан 40 окутуучу жана 413 студент тартылган. Программа мугалимдерди даярдоо системасын трансформациялоо, окуу пландарын жана окутуу методикаларын жаңылоо, инклюзивдик педагогиканы өнүктүрүү, педагогикалык практиканы жана насаатчылыкты кеңейтүү сыяктуу төрт негизги багытты камтыйт.

 (С) Байболотова Ж.Т. — Чет тилдер институтунун директорунун тарбиялык  иштер боюнча орун басары