Эл аралык QS Quacquarelli Symonds аналитикалык компаниясы Азиядагы алдыңкы университеттердин QS Asia University Rankings 2027 жана QS Central Asia 2027 жыйынтыгын жарыялады.

2027-жылдагы рейтингге Азиянын 26 өлкөсүнөн 1 720 жогорку окуу жайы кирди. Алардын 190у — биринчи жолу кошулган университеттер. Катышуучулардын санынын өсүшү Азия аймагындагы жогорку окуу жайлардын ортосундагы атаандаштыктын күчөп жатканын жана жогорку билим берүүнүн сапатын эл аралык деңгээлде баалоого болгон талаптын жогорулап жатканын көрсөтөт.

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети QS эл аралык рейтингине катышуусун улантып, Азиянын билим берүү мейкиндигинде Кыргызстандын жогорку билим берүү тармагын таанытып келет.

QS Asia University Rankings 2027 рейтингинин жыйынтыгы боюнча Кыргыз улуттук университети 415-орунду, ал эми QS Central Asia 2027 Борбордук Азия университеттеринин рейтингинде 26-орунду ээледи.

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети Кыргызстандын жогорку билим берүү системасында маанилүү орунду ээлейт. Университет көп жылдардан бери калыптанып келген академиялык салттарын улантуу менен бирге, билим берүү процессине заманбап ыкмаларды киргизип келет. Ошону менен катар өлкөдө жогорку билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана интеллектуалдык дараметти өнүктүрүүгө олуттуу салым кошууда.