2026-жылдын 7–8-ноябрь күндөрү Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар өспүрүмдөр спорттук мектебинде (ОРАБӨСМ) оор атлетика боюнча Олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиевдин байгесине арналган XXXVIII эл аралык турнир болуп өттү.
Аталган спорттук иш-чарага Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин студенттери да активдүү катышып, ФКС(б)-2-26 тайпасынын студенттери Сарпашев Эрбол, Сарпашев Бекбол жана ФКС(б)-12-5 тайпасынын студенти Иманалиев Дастан өз салмак категорияларында I орундарды ээлешти.
Иш-чаранын жүрүшүндө КУУнун илимий иштер боюнча проректору Мырзабек Камчыбек уулу Олимпиада чемпиону К.Осмоналиевге университеттин атынан Ыраазычылык кат, ал эми Оор атлетика федерациясынын президенти Т.Абдыкадыров менен ОРАБӨСМ директору Р.К.Ниязалиевге «Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине 100 жыл» юбилейлик медалын тапшырды.
Бул иш-чара спорт тармагындагы көрүнүктүү инсандарды урматтоого жана жаш спортчуларды колдоого багытталган маанилүү окуя болду.
Жеңүүчү студенттерибизди чын жүрөктөн куттуктайбыз! Аларга мындан аркы спорттук ийгиликтерди, бийик жеңиштерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз! Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети спортту өнүктүрүүгө жана таланттуу жаштарды колдоого мындан ары да өз салымын кошо берет.
(С) Абдыкеримов Ш.А. — факультеттер аралык дене тарбия жана спорт кафедрасынын башчысы