2026-жылдын 30-октябрында Юридикалык институтта граждандык жана эмгек укугу кафедрасынын улук окутуучусу Ч.Сыдыкбекованын уюштуруусунда конок лекция болуп өттү. Иш-чара студенттерди укук жана мамлекеттик кызматтын актуалдуу маселелерин талкуулоо үчүн бир аянтчага чогултту.
Аудиториянын алдында чакырылган эксперттер сөз сүйлөштү:
- Шамиль Кылычбекович Айльчиев — Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана инновациялар министрлигинин стратегиялык пландоо, аналитика, контролдоо жана уюштуруу иштери бөлүмүнүн алдыңкы адиси;
- Нурмамат Маматжанович Сабыров — Автордук жана чектеш укуктар башкармалыгынын инспекциялоо бөлүмүнүн инспектору.
Эксперттер автордук жана чектеш укуктар темаларын кеңири чагылдырып, ошондой эле илим жана билим берүү чөйрөсүнүн өнүгүүсү тууралуу айтып беришти.
- Улан Болотбекович Исмаилбеков — Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын алдындагы коррупциянын алдын алуу боюнча укук коргоо органдарынын ыйгарым укуктуу өкүлү. Өз сөзүндө ал жогорку окуу жайларында коррупцияга каршы күрөшүү жана жаштар арасында коррупцияга каршы маданиятты калыптандыруунун маанилүү темасына токтолду.
Жетечиликтин, окутуучулардын жана студенттердин атынан урматтуу конокторубуз — Шамиль Кылычбековичке, Нурмамат Маматжановичке жана Улан Болотбековичке мазмундуу жана пайдалуу баяндамалары үчүн терең ыраазычылык билдиребиз.
Автордук укукту коргоо жана коррупциянын алдын алуу маселелери ар бир болочок юристке тиешелүү. Алынган маалыматтар терең ой жүгүртүүгө түрткү берип, окууда жана келечектеги кесиптик ишмердүүлүктө сонун багыт болуп берет.
Конокторубузга чың ден соолук, жооптуу мамлекеттик кызматында ийгиликтерди жана жаңы кесиптик жетишкендиктерди каалайбыз. Юридикалык институт ар дайым кызматташууга ачык!
(С) Бакова А.Б. — Юридикалык институттун директорунун орун басары: