2026-жылдын 22-октябрында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетиндин 6-окуу имаратында Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер, физика-математика илимдеринин доктору, профессор Аскербек Саадабаев атындагы «Илим-изилдөө жана окуу-методикалык кабинеттин» ачылыш аземи болуп өттү.
Салтанатка КУУнун мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору Назаркул Ишекеев, профессордун жакын туугандары, замандаштары жана Математика жана информатика институтунун жалпы жамааты катышты.
Жаңы кабинет заманбап талаптарга ылайык жабдылып, математика илимине тиешелүү окуу китептери жана методикалык материалдар менен камсыздалды.
Иш-чаранын жүрүшүндө Математика жана информатика институтунун директору Изат Усенов профессор Аскербек Саадабаев Кыргыз улуттук университетинин бүтүрүүчүсү гана болбостон, 59 жыл бою окутуучу катары үзүрлүү эмгектенип, көптөгөн шакирттерди тарбиялап чыгарганын баса белгиледи.
Ошондой эле профессордун жакын туугандары жана замандаштары анын математика илимине кошкон салымы, эл аралык жогорку окуу жайлардын илимий ишмердүүлүгүнө активдүү катышуусу жана окуу куралдарын кыргыз тилинде даярдоодогу эмгеги тууралуу эскерүүлөрү менен бөлүшүштү. Алар профессордун илим-билимдин өнүгүшүнө кошкон салымы жана артында калтырган мурасы өзгөчө мааниге ээ экенин белгилешти.
Белгилей кетсек, аталган кабинет физика-математика илимдеринин доктору, профессор Аскербек Саадабаевдин жакын туугандарынын каржылык колдоосу менен ачылды.