Юридикалык колледждин окутуучулары Билим берүү жана илим министрлигине караштуу республикалык илимий-методикалык борбордон 10 күндүк квалификацияны жогорулатуу курсунан окуп келишти.
Курс “Орто кесиптик билим берүү уюмдарында окуу процессин модулдук компетенттүүлүктүн негизинде уюштуруу” деп аталып, компетенттүүлүккө негизделген билим берүү каражаттары, социалдык өнөктөштүк, баалоо каражаттары боюнча практикалык көндүмдөрүн арттырууга шарт түздү.
ЮК окутуучулары о.э. И.Арабаев атындагы КМПУнун гуманитардык-педагогикалык колледжинде, Ч.Базарбаев атындагы хореографиялык училищеде болуп, тажрыйба алмашуу иштерин жүргүзүштү.
(С) Жакшылыкова Элла – окуу иштери боюнча директордун орун басары