Социалдык-гуманитардык илимдер институтунун директорунун окуу иштери боюнча орун басары Байбосунова Гүлзат Москва шаарындагы Байланыштарды өнүктүрүүнүн улуттук изилдөө институтунда (НИИРК — Национальный исследовательский институт развития коммуникаций) 2026-жылдын 21-сентябрынан 11-октябрына чейин жаш изилдөөчүлөрдүн эл аралык академиялык мобилдүүлүгү боюнча илимий стажировкадан өтүп келди.

Программанын алкагында илимий, окуу-методикалык семинарлар, ушул эле тематикадагы дискуссиялар жана сессиялар өткөрүлүп, катышуучулар актуалдуу илимий изилдөөлөрдү жүргүзүштү жана ал боюнча отчетторду беришти.

(С) Турдубек кызы Бурул — окуу иштери боюнча директордун орун басары