2023-жылдын 23-ноябрь күнү И.Ч.Исамидинов атындагы педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун филологиялык жана социалдык-экономикалык билим берүү кафедрасынын доценти Апал Абдимомунова Өзбекстан Республикасынын Навои мамлекеттик педагогикалык университетинде болуп өткөн «Башталгыч билим берүүнүн глобалдык милдеттери: проблемалар, изилдөөлөр» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга онлайн катышып, «Үй-бүлөнүн экологиясынын жана жашоо стилинин мектепке чейинки балдардын ден-соолугунун абалына таасири» аттуу баяндама жасады.
Кафедранын окутуучулары Айдаралиева Алима, Есеналиева Наргиза, Кулманбетова Нина да иш чарага онлайн катышып, жалпы уюштуруучуларга жана катышуучуларга ийгилик каалашты.
(С) Абдимомунова А.О. — ф.и.к., доцент

