2026-жылдын 8-октябрь күнү 8-окуу имаратындагы жыйындар залында Илим жана илимий аналитикалык ишмердүүлүк бөлүмү тарабынан уюштурулган «Ж.Баласагын атындагы КУУнун илимий басылмаларынын активдүүлүгүн өнүктүрүү жана аларды эл аралык мейкиндикке интеграциялоо» аталышындагы илимий семинар болуп өттү.

Жыйындын катышуучуларын мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча проректор Назаркул Ишекеев куттуктап, семинардын ишине ийгиликтерди каалады.

Андан кийин, кандидаттык, доктордук диссертацияларды даярдоо жана коргоо жана диссертациялык кеңештердин ишмердүүлүгү жөнүндө Жогорку аттестациялык комиссиянын илимий кадрларды аттестациялоо бөлүмүнүн башчысы Айдай Токтомбаева кенен баяндама жасады.

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин үзгүлтүксүз билим берүү борборунун адиси Арген Жумгалбеков эл аралык илимий басылмаларга макала даярдоопун талаптары жана этаптары тууралуу айтып берди.

Ааламдашуу мезгилиндеги илимий макалаларды чыгаруу көйгөйлөрү жөнүндө академик А.А.Бөрүбаев атындагы алгебра, геометрия, топология жана жогорку математиканы окутуу кафедрасынын башчысы Бекболот Канетов баяндады.

КУУнун редакциялык-басма бөлүмүнүн башчысы Клара Шакирова илимий макаланы даярдоо жана форматтоо боюнча негизги талаптар тууралуу билдирүү жасады.

Университеттин корпоративдик электрондук почтасы тууралуу Тармактык технологиялар бөлүмүнүн башчысы Азамат Абдиев маалымат берди.

Илим жана илимий аналитикалык ишмердүүлүк бөлүмүнүн башкы адиси Үмүт Жолдошали кызы Scopus маалымат базасына жетүүнүн негизги инструменттери, көрсөтүчтөрү жана Scopus басылмалары үчүн стимулдаштыруучу төлөмдөр тууралуу баяндама жасады.

Жыйындын жүрүшүндө баяндамачыларга көптөгөн суроолор берилип, илимий жактан негизделген, аргументтүү жооптор берилди.