2026-жылдын 24-сентябрында Улуттук университеттин чоң жыйындар залында жаштарды заманбап ишкердик чөйрөсүнө тартууга, студенттердин демилгелерин колдоого багытталган Enactus Кыргызстан студенттик ишкердик уюмунун Enactus Day иш-чарасы болуп өттү.
Жыйынды КУУнун мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору Назаркул Ишекеев ачып, мындай программалардын артыкчылыгы — жаштардын лидерлик жана интеллектуалдык сапаттарын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүндө экенин белгиледи. Проректор о.э. Enactus Кыргызстандын 30 жылдык мааракеси менен куттуктап, уюмдун мындан аркы ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.
Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучуларга аталган уюмдун ишмердүүлүгү, негизги багыттары жана студенттер үчүн түзүлгөн мүмкүнчүлүктөр тууралуу кеңири маалымат берилди.
Мындан тышкары, ийгиликке жеткен жаштар өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, идеяларды реалдуу долбоорлорго айландыруунун жолдору, өздөрүнүн басып өткөн жолу, долбоорлорду ишке ашыруудагы тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз улуттук университетинин атынан Enactus платформасында 4 команда иш алып барары айтылды. Алар буга чейин бир катар ийгиликтерге жетишип, социалдык жана экологиялык багыттагы долбоорлорду ишке ашырып келишет. Алардын катарында «Тирүү топурак» аттуу ийгиликтүү долбоор да бар.