Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети «EdNet» билим берүү сапатын кепилдөө агенттигинин рейтингинде Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын ТОП-3түгүнө кирди.
Бул тууралуу бүгүн, 2026-жылдын 25-сентябрында, «EdNet» агенттигинин директору Оңолкан Уманкулова КУУнун түзүм жетекчилери жана кызматкерлери менен болгон жолугушууда маалымдады.
Жалпы рейтингде жогорку окуу жайлар бир нече негизги критерийлер боюнча бааланганы белгиленди. Алар: академиялык экперттердин баалоосу, жумуш берүүчүлөрдүн баалоосу, абитуриенттердин ЖРТсынын орточо баллы, Хирш индекси, Scopus базасындагы илимий макалалардын саны.
Жыйында КУУнун артыкчылыктуу жетишкендиктери менен катар мындан ары көңүл буруп, өркүндөтүүнү талап кылган багыттар да белгиленди.
Мындан тышкары, сурамжылоо процессинин жүргүзүлүшү, жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыктары жана алардын рейтингдеги көрсөткүчтөргө тийгизген таасири тууралуу пикир алмашуу болду.
Белгилей кетсек, КУУнун 2026-жылдагы көрсөткүчтөрү 2024-жылдагы жыйынтыктарга салыштырмалуу кыйла өскөн.
Университет мындан ары да атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү арттыруу жана билим сапатын жогорулатуу иштерин улантат.