Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин дене тарбия жана спорт кафедрасынын ага окутуучусу, комбат-джиу-джитсу боюнча спорттун эмгек сиңирген чебери Бакыт Кадыров 2026-жылдын 10–13-сентябрында Түштүк Кореянын Сеул шаарында болуп өткөн комбат-джиу-джитсу боюнча Азия чемпионатында 85 кг салмак ченинде күч сынашып, атаандаштарын жеңип, аталган мелдештин чемпиону аталды.

Бул — Бакыт Кадыровдун Азия чемпионатындагы бешинчи жеңиши. Буга чейин ал 2022, 2023, 2024, 2025-жылдары чемпион болгон.

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин жамааты Бакыт Кадыровду кезектеги чоң жеңиши менен куттуктап, ага бекем ден соолук, ийгилик жана алдыдагы мелдештерде жаңы бийиктиктерди багындырууну каалайт.