2026-жылдын 16-сентябрында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор Догдурбек Чонтоев Түркиянын Каппадокия университетинин окутуучусу Синем Башоглу айымды кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө Улуттук университет менен Каппадокия университетинин ортосундагы кызматташтык, анын ичинде «Орхун» академиялык программасынын алкагында биринчи жолу ишке ашырылып жаткан академиялык алмашуу маселелери талкууланды.
Ректор академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында чет өлкөдөн келген окутуучуларга КУУнун эшиги дайым ачык экенин белгилеп, Синем Башоглу айымдын алдыдагы ишмердүүлүгүнө ийгилик каалады жана КУУнун базасындагы мектеп окуучулары менен иш алып барган «Билим Бишкек» инновациялык борбору менен да таанышууну сунуштады.
Каппадокия университетинин окутуучусу өз кезегинде жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, академиялык алмашуу программасын ишке ашырууда Кыргызстандан алгачкылардан болуп Улуттук университетти тандашканын белгиледи. Ал абройлуу окуу жай менен таанышуу жагымдуу болуп жатканын айтып, мындан ары да эки окуу жайдын ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүүгө кызыкдар экенин билдирди.
Белгилей кетсек, Синем Башоглу англис тилинин мугалими. Алдыңкы күндөрү ал КУУнун эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультетинде дарс өтөт.