2026-жылдын 8-сентябрь күнү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Көзөмөлчүлүк кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Аталган органдын төрагасы Кыяс Молдокасымов алып барган жыйында «КУУнун стратегиялык өнүгүүсү боюнча ректордун отчету» угулуп, «КУУнун структуралык түзүмүн өзгөртүү» жөнүндө маселе каралды.

Күн тартибиндеги бул маселелер боюнча баяндамаларды КУУнун ректору Догдурбек Чонтоев менен биринчи проректор Алайбек Шамшиев жасашты. Суроолор берилип, кенен-кесир талкуу болгондон кийин, ректордун отчетуна мыкты баа берилип, структуралык түзүмдү өзгөртүү боюнча сунуштар бир добуштан колдоого алынды.

Жыйындын жүрүшүндө о.э. униерситеттин окуу жана каржы иштери боюнча башка маселелер да каралып, тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

Добавить комментарий