Кыргыз илими жана билим берүүсү оор жоготууга туш болду. 87 жаш курагында көрүнүктүү адабиятчы-окумуштуу, белгилүү педагог, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер Абдыразаков Абдыкерим дүйнөдөн кайтты.
Кыргыз элине өмүрүн арнап, илим, билим, маданият жана адабият илимине, өчпөс из калтырып кеткен Абдыразаков Абдыкеримдин жаркын элеси кыргыз журтунун, тил жана адабият күйөрмандарынын, замандаштарынын, кесиптештеринин, окуучуларынын, студенттеринин, үй-бүлөсүнүн, жакын туугандарынын түбөлүккө эсинде калат. Агайдын жакындарына, бир туугандарына, үй-бүлөсүнө, кыздарына, уулдарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.
Жусуп Баласагын атындагы КУУнун жамааты.
* * *
Абдыразаков Абдыкерим 1939-жылы 28-ноябрда Чүй облусунун Чүй районундагы Кош-Коргон айылында жарык дүйнөгө келген. Алгачкы билими – Кош-Коргондогу Мичурин атындагы башталгыч мектебинде, Ак-Бешим, Он бир жылдык улантып, Токмок шаарындагы орто мектепти 1957-1958-жылдары аяктайт.
1959-1962-жылдары Токмок шаарындагы маданий-агартуу техникумунун элдик театрлардын режиссерлорун даярдоочу бөлүмүн бүтүрүп, Москвадагы Театр институтуна кабыл алынат. Бирок, Кыргызстандагы маданият министрлиги Кочкор элдик театрына тажрыйбалуу режиссер талап кылгандыктан, ошол кездеги министр К.Кондучалованын жеке кабыл алуусу менен Абдыкерим Абдыразаков элдик театрга режиссер болуп дайындалат. Бул кызматты 1966-жылга чейин ийгиликтүү аркалап, Бишкекте өткөн 14 кароо-сынакка катышып, байгелүү орундарды багындырат.
1966-1971-жылдары Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин (ал кездеги СССРдин 50 жылдыгы атындагы КМУ) кыргыз филология факультетинде окуп, Лениндик стипендияга ээ болуп, артыкчылык диплому менен бүтүрөт. Студенттик жылдарында Абдыкерим Абдыразаков окуу жайдын драма ийримин жетектеп, көптөгөн авторлордун чыгармаларын сахнага алып чыгат. Алардын ичинен – залкар жазуучу Ч.Т.Айтматовдун «Бетме-бет» повестин сахналаштырып, аны Франциядан келген маданият ишмерлеринин жана автордун өзүнүн катышуусунда сахнага алып чыккан.
1971-жылы ал кездеги конкурс менен Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кыргыз адабияты кафедрасына окутуучу катары кабыл алынат. 1971-2024-жылдары бул окуу жайда 50 жылдан ашуун үзүрлүү эмгектенип, окутуучу, ага окутуучу (1979), доцент (1986), профессор (2000) наамдарына ээ болот. Ошону менен бирге, Кусейин Карасаев атындагы Кыргыз филологиясы факультетинде ардактуу профессор катары «Кыргыз фольклору», «Кыргыз акындар (ырчылар) чыгармачылыгы», «Байыркы мезгилден ХХ кылымга чейинки кыргыз адабиятынын тарыхы» сыяктуу лекциялык курстарды, адистик курстардан «Кыргыз драматургиясынын поэтикасы», «VI-IX кылымдардагы поэтикалык эстеликтер», «Манас таануу» сыяктуу терең мазмундуу дарстарды окуйт.
1991-жылы “Байыркы мезгилден ХХ кылымга чейинки кыргыз адабиятынын тарыхы» аттуу жаңы лекциялык сабактын типтүү программасын иштеп чыгып, филология адистигиндеги студенттерге сунуштайт. Бул программанын негизинде бир катар илимий-теориялык эмгектер жарык көрөт:
- Түрк атанын балдары болсок…же рух башаттары,
- Кыргыз драматургиясындагы изденүүлөр.
- Азыркы кыргыз драматургиясындагы жаңычылдык мүнөзү.
- Поэтика кыргызской драмы.
- Азыркы кыргыз драматургиясы.
- Орхон-Енисей байыркы кыргыз-түрк жазуулары жана рух башаттары.
- VI-IX-кылымдардагы поэтикалык эстеликтер.
- Кыргыз драматургиясынын поэтикасы.
- Жусуп Баласагын жана анын “Кутадгу билиг” дастаны.
- Кыргыз адабиятынын тарыхый өнүгүү маселелери.
Бул окуу куралдары Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилип, бүгүнкү күнгө чейин студенттер тарабынан кеңири колдонулуп келет. Жалпысынан 200гө жакын илимий, илимий-методикалык жана адабият таануу багытындагы эмгектери жарык көргөн. Анын ичинде 15 окуу жана окуу-методикалык куралдын автору, 9 китепке авторлош болгон. Беш окуу куралы жогорку окуу жайлары үчүн окуу куралы катары бекитилген.
Профессор Абдыкерим Абдыразаков «Устат жана шакирт» багытында ийгиликтүү бакалавр, магистр, аспиранттарды илимий жетекчиликке алган. Адабиятчы, профессор Абдыкерим Абдыразаков Кыргызстан Жазуучулар, Журналисттер жана Театр ишмерлер союздарынын ардактуу мүчөсү.
Сыйлыктары:
- Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер.
- Кыргыз Республикасынын билим берүү министрлигинин Ардак грамотасы.
- Кыргыз Республикасынын тилин өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн Ардак граммотасы.
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн “Кыргыз тили” төш белгиси.
- Кыргыз ССРинин элге билим берүүсүнүн отличниги» төш белгиси.
- Буткул дүйнөлүк эпос фестивалынын эл аралык симпозиумунун диплому.
- Ж.Баласагын атындагы КУУнун 100 жылдык юбилейлик медалы.
Профессор Абдыкерим Абдыразаковдун эмгеги жогору бааланып, бир катар мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктарга татыктуу болгон. Ал илимге берилгендиги, жөнөкөйлүгү, адамгерчилиги жана жогорку кесипкөйлүгү менен кесиптештеринин, студенттеринин жана жалпы коомчулуктун терең урматына ээ болгон. Анын жаркын элеси, жасаган эмгектери жана адамдык асыл сапаттары кыргыз элинин эсинде түбөлүк сакталат.