2026-жылдын 14-августунда Ысык-Көл облусунун Бает айылындагы Кыргыз улуттук университетинин «Ысык-Көл» илимий станциясында «DOAS жана Sentinel-5P спутнигинин маалыматтарынын негизинде Борбордук Азиядагы стратосфералык жана тропосфералык озондун тенденцияларына узак мөөнөттүү мониторинг жүргүзүү жана талдоо» субдолбоорунун Айлана-чөйрөнү жана социалдык маселелерди башкаруу планы (ПУОСС) боюнча коомдук угуулар өткөрүлдү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин «Жогорку билим берүүдөгү сапат жана инновациялар» (КИВО) долбоорун ишке ашыруу бөлүмүнүн кызматкерлери, жергиликтүү администрациянын жана айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү, «Ысык-Көл» илимий станциясынын кызматкерлери жана Бает айылынын тургундары катышты. Долбоор тарабынан коомдук угууларга 2-компоненттин координатору, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча адис, ошондой эле коомчулук менен иштөө боюнча адис катышты.
2-компоненттин координатору катышуучуларга «Жогорку билим берүүдөгү сапат жана инновациялар» (КИВО) долбоору жана анын 2-компоненти – Академиялык инновациялык фонд (АИФ) тууралуу жалпы маалымат берди. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин субдолбоору АИФтин алкагында 8 млн 781 миң сом өлчөмүндө гранттык каржылоого ээ болгон.
«Ысык-Көл» илимий станциясынын директору Гүлзыйнат Аркабаева станциянын ишмердүүлүгү, субдолбоордун максаттары жана сатып алуу пландалып жаткан жабдуулар тууралуу айтып берди. Атап айтканда, атмосферадагы озонго мониторинг жүргүзүү жана комплекстүү атмосфералык изилдөөлөрдү өткөрүү үчүн заманбап Pandora 1S спектрометрин сатып алуу каралган.
Долбоорду ишке ашыруу бөлүмүнүн өкүлдөрү катышуучуларга Айлана-чөйрөнү жана социалдык маселелерди башкаруу планынын негизги жоболору жана Даттанууларды кароо механизми тууралуу кеңири маалымат беришти. Ошондой эле экологиялык жана социалдык коопсуздук, эмгекти коргоо, кызыкдар тараптар менен өз ара аракеттенүү жана кайрылууларды берүү тартиби боюнча түшүндүрмөлөр берилди.
Коомдук угуулар аяктагандан кийин станциянын директору жана кызматкерлери катышуучулар үчүн экскурсия уюштуруп, илимий инфраструктура менен тааныштырышты жана станцияда изилдөөлөр менен байкоолор кандай жүргүзүлөрүн көрсөтүштү. Коомдук угууларды өткөрүүнүн негизги максаты – субдолбоорду ишке ашыруунун ачыктыгын камсыз кылуу, жергиликтүү калкты маалымдоо жана аны ишке ашыруунун бардык этаптарында кызыкдар тараптардын пикирлерин эске алуу.
(С) Аркабаева Г.Н — «Ысык-Көл» илимий станциясынын директору