2026-жылдын 6-август күнү башкы имараттын алдындагы аянтчада кыргыздын көрүнүктүү тарыхнаамачысы, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, тарых илимдеринин доктору, профессор Жакыпбеков Жаныбек Жакыпбековичти акыркы сапарга узатуу зыйнаты болду. Маркумдун сөөгү аянтчадагы секичеге орнотулган соң, аза күтүү митингин КУУнун бириккен кесиптик бирлик комитетнин төрагасы Кубанычбек Жумабеков ачты.
Жаныбек Жакыпбеков агай тууралуу эскерүү жана коштошуу сөздөрүн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы, Кыргыз эл жазуучусу Арслан Капай уулу Койчиев, Кыргыз улуттук университетинин илимий иштер боюнча проректору Мырзабек Камчыбек уулу, Тарых жана чөлкөм таануу институтунун профессору Аскарбек Бедельбаев, Кыргыз эл акыны Асан Жакшылыков, тарых илимдеринин доктору, профессор Тынчтыкбек Чоротегин айтышты.
Аза күтүү митингинин соңунда маркумдун жакын туугандары Ногоев Сатымкул менен Жумабек байке чыгып сүйлөп, бүгүнкү коштошуу зыйнатына катышып, маркумдун үй-бүлөсүнүн кайгысын тең бөлүшүп жаткан инсандардын баарына ыраазычылыгын билдиришти.