2026-жылдын 5-август күнү 6-окуу имаратындагы 126-дарсканада Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин гранттык комиссиясынын отуруму болуп, абитуриенттерди КУУнун бакалавриаты менен магистратурасына кабыл алуунун 4-туру жыйынтыкталды. Кабыл алуу комиссиясынын төрагасынын орун басары, биринчи проректор Алайбек Шамшиев алып барган жыйынга университеттин Бишкектеги жана аймактардагы факультеттери менен институттарынын жетекчилери катышты.

Жыйындын башында Алайбек Шамшиев Улуттук университетке жалпысынан 10 миң 195 абитуриент кабыл алынганын (анын ичинен 645 — бюджет, 9550 — контракт) кабарлап, кабыл алуу комиссиясынын техкатчыларына күндүн ысыктыгына карабай өз милдеттерин так аткарып жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди жана мындан аркы иштерине ийгиликтерди каалдады.

Андан ары кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Изат Усенов “Абитуриент Онлайн” системасы аркылуу факультет, институттардагы багыттарга (адистиктерге) катталган абитуриенттердин саны, ал багыттар (адистиктер) боюнча ваканттык орундардын саны жана ал орундарга “Бишкек шаары”, “Кичи шаарлар”, “Тоолуу аймактар” жана “Айыл аймактары” деген категориялар боюнча аталган система тарабынан бөлүнгөн орундар тууралуу маалымат берип, өтүү баллын сунуштады. Комиссия мүчөлөрү тарабынан ар бир факультет/институт тууралуу тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

Жыйындын жүрүшүндө Алайбек Шамшиев о.э. Улуттук университеттин Баткен, Талас, Нарын аймактык көп тармактуу институттарынын, Сүлүктүдөгү А.А.Машрабов атындагы гуманитардык-экономикалык, Кызыл-Кыя технология, экономика жана укук, М.М.Тайиров атындагы Кызыл-Кыя гуманитардык-педагогикалык институттарынын жана Ош, Нарын, Каракол шаарларындагы, Талас облусундагы гуманитардык-табигый илимдер факультеттеринин кабыл алуу комиссияларынын өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берди. Суроолордун көпчүлүгү «Окуу тайпасындагы студенттердин саны 15тен кем болбошу керек» деген талапка байланыштуу болду.

4-турдун жыйынтыгы менен https://2020.edu.gov.kg сайтынан таанышууга болот.

Добавить комментарий