Кыргыз илими жана билим берүүсү оор жоготууга туш болду. 2026-жылдын 4-август күнү 80 жаш курагында көрүнүктүү окумуштуу, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, тарых илимдеринин доктору, Кыргызстандын тарыхы кафедрасынын профессору Жакыпбеков Жаныбек Жакыпбекович дүйнөдөн кайтты.
Ардактуу агайыбыздын кайтыш болгондугун Улуттук университеттеги чоң жоготуу катары кабыл алуу менен маркумдун үй-бүлөсүнө, бала-бакырасына, жакындарына, кесиптештерине жана шакирттерине терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз. Жаныбек агайдын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун, үй бүлөсүнө, өмүрлүк жубайы Керез эжеге терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Бүт өмүрүн жана ишмердүүлүгүн Улуттук университеттеги жаштарга билим берүүгө, тарбиялоого жана тарыхты изилдөөгө арнаган Жаныбек Жакыпбековичтин ак эмгеги биздин жүрөгүбүздө ар дайым сакталат.
Маркум менен коштошуу зыйнаты 2026-жылдын 6-август күнү саат 11.00дө Ж.Баласагын атындагы КУУнун башкы имаратынын алдында өтөт.
Жусуп Баласагын атындагы КУУнун жамааты
* * *
Жакыпбеков Жаныбек Жакыпбекович 1946-жылы Чүй областынын Панфилов районунун Кум-Арык айылында төрөлгөн. 1963-жылы орто мектепти аяктаган соң, 1964–1966 жылдарда Фрунзе шаарындагы Ленин заводунда (Организация п/я 43) жумушчу болуп иштеген. Андан кийин 1967-жылы, Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетине тапшырып, 1972-жылы артыкчылык диплому менен аяктаган. 1972–1974-жылдары ГДРдеги СССРдин Куралдуу күчтөрүнүн катарында офицердик кызматты өтөгөн. 1974-жылдан Кыргыз мамлекеттик университетинин СССРдин тарыхы кафедрасынын ага лаборанты болуп эмгектенип баштап, ошол эле учурда кафедранын окутуучусу кызматын айкалыштырып иштеген.
1975–1986-жылдардын аралыгында СССРдин тарыхы кафедрасынын окутуучусу, 1987-жылы Совет мезгилине чейинки СССРдин тарыхы кафедрасынын ага окутуучусу, 1992 – 1993-жылдары ошол эле кафедранын доценти, 1993-жылдан – 2000-жылга чейин Түркстан, Россия, Кавказ элдеринин тарыхы кафедрасынын доценти, 2000-жылы Азия жана Африка өлкөлөрүнүн тарыхы кафедрасынын профессору, 2001–2016-жылдары Байыркы жана орто кылымдардагы Кыргызстандын тарыхы кафедрасынын башчысы, 2016-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстандын тарыхы кафедрасынын профессору кызматтарында талыкпай эмгектенип келген.
1978-1982-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетинин аспирантурасын сырттан окуу бөлүмүн бүтүрүп, 1986-жылы М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинде кандидаттык диссертацияны жактап тарых илимдеринин кандидаты, ал эми 2013-жылы докторлук диссертациясын ийгиликтүү коргоп тарых илимдеринин доктору илимий даражаларын алган.
1979-жылы Ташкент шаарындагы Өзбекстан илимдер академиясында ХІХ – ХХ кылымдын башындагы Орто Азиядагы элдик-боштондук кыймылдардын тарыхнаамасынын маселелери боюнча илимий такшалмадан өткөн. Илимий изденүүлөрдүн натыйжасында 140дан ушуун илимий макалаларды жарыялап, 2 монографиялык изилдөөсүн жарыкка чыгарып, 4 окуу методикалык-колдонмону даярдаган. Жаныбек Жакыпбекович ар дайым эл аралык жана республикалык илимий-теориялык конференциялардын иштерине активдүү катышып, Кыргызстандын тарыхынын актуалдуу маселелери боюнча илимий баяндамаларды жасаган.
Педагогикалык ишмердигинде Кыргызстандын тарыхы боюнча эң актуалдуу маселелерден болгон Кыргызстандын тарыхынын булактаануусу, Кыргызстандын тарыхынын тарыхнаамасы, Тарых илиминин методологиясы багытында программалардын автору жана Кыргызстандын тарыхы ж.б. профилдик предметтер боюнча атайын курстарды иштеп чыгуу менен студентерге, магистранттарга жана аспиранттарга терең билим берген.
Илимий-педагогикалык ишмердүүлүгүндө жетишкен ийгиликтери үчүн 1997-ж. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгиси, 2001-ж. КР Билим берүү жана маданият министрлигинин Ардак грамотасы, 2015-ж. КУУнун ардагери, 2021-ж. Кыргыз Республикасынын аялдар Конгрессинин Ардак грамотасы менен сыйланып, 2024-жылы «Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер» ардактуу наамын алган.
Жаныбек Жакыпбекович акыркы мезгилге чейин Жусуп Баласагын атындагы КУУнун Тарых жана чөлкөм таануу институтунун Кыргызстандын тарыхы кафедрасынын профессору кызматын аркалап келген.
Үй бүлөнүн татыктуу атасы катары жубайы менен бирге 1 уул, 2 кызды жана сүйкүмдүү неберелерди тарбиялаган.