2026-жылдын 9-июль күнү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор Догдурбек Чонтоев Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын кеңешчиси, юридика илимдеринин доктору, профессор Мырзалимов Руслан Муратбековичти кабыл алып, өлкөнүн илимий, билим берүү жана коомдук-маданий өнүгүшүнө кошкон олуттуу салымы үчүн “Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине 100 жыл” юбилейлик медалы менен сыйлады жана медаль ээсине мындан аркы албан-албан ийгиликтерди каалады.

Руслан Мырзалимов Улуттук университеттин юридика факультетинин бүтүрүүчүсү экенин, окуу жайда ар кандай кызматтарда, анын ичинде декандын орун басары, декан, институттун директору, проректор болуп иштеген жылдарын эскерип, КУУнун жетекчилигине ыраазычылык билдирди жана альма-матердин сыйлыгын алуу өзгөчө сыймык экенин белгиледи.

Профессор Р.М.Мырзалимовду сыйлыгы менен о.э. биринчи проректор — окуу иштери боюнча проректор Алайбек Шамшиев, мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча проректор Назаркул Ишекеев, административдик-чарба иштери боюнча проректор Бакыт Айтахунов жана эл аралык кызматташтык жана байланыштар департаментинин директору Бакыт Келдибеков куттукташты.

Добавить комментарий