2026-жылдын 18–19-июнунда Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде «Муундар аралык санариптик калкан: Кыргызстанда дезинформацияга каршы аракеттенүү жана аялдардын санариптик жарандык туруктуулугун чыңдоо» демилгесинин алкагында студенттер үчүн интенсивдүү тренинг өткөрүлдү.
Сабактарга Эл аралык мамилелер жана чыгыш тануу факультети менен Компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунан 20 студент катышып, медиасабаттуулук, киберкоопсуздук жана санариптик коопсуздук жаатындагы эксперттер алар үчүн практикага багытталган окутуу сессияларын өткөрүштү. Жыйынтыгында КУУнун студенттери медиасабаттуулук, жалган жаңылыктарды жана маалыматтык манипуляцияларды таануу, киберкоопсуздуктун негиздери, социалдык инженерия, онлайн-алдамчылык, мессенджерлерди коопсуз колдонуу, аккаунттарды коргоо жана санариптик гигиена боюнча билим алышты.
Практикалык сабактар студенттерге ментордук көндүмдөрүн өнүктүрүүгө, татаал санариптик темаларды жөнөкөй жана түшүнүктүү тил менен түшүндүрүүнү үйрөнүүгө, о.э. улуу муундагы аудитория менен иштөө ыкмаларын өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк берди. Даярдалган санариптик менторлор мындан ары демилгенин иш-чараларына тартылып, профессордук-окутуучулук курамга жана жогорку окуу жайлардын кызматкерлерине санариптик кызматтарды коопсуз колдонуу маселелери боюнча колдоо көрсөтүшөт.
«Муундар аралык санариптик калкан» демилгеси санариптик туруктуулукту жогорулатууга, сынчыл ой жүгүртүү көндүмдөрүн өнүктүрүүгө жана жарандардын дезинформацияны, онлайн-алдамчылыкты жана санариптик коркунучтарды таануу жөндөмүн чыңдоого багытталган. Долбоордо өзгөчө басым улуу муундагы аялдарды, академиялык коомчулуктун өкүлдөрүн жана санариптик сабаттуулукту жайылтуучу студенттерди колдоого жасалат.
Бул тренинг Кыргыз улуттук университетинде демилгени ишке киргизүүнүн маанилүү этабы болуп калды. Студенттик менторлорду даярдоо «тең теңге» принциби боюнча мындан аркы ишмердүүлүккө негиз түзөт. Бул ыкмада жаш катышуучулар улуу муун өкүлдөрүнө санариптик технологияларды ишенимдүү жана коопсуз колдонууга жардам беришет.
Демилге «Муундар аралык санариптик калкан: Кыргызстанда дезинформацияга каршы аракеттенүү жана аялдардын санариптик жарандык туруктуулугун чыңдоо» долбоорунун алкагында, Санариптик демократия демилгесинин негизинде Чыгыш Европа жана Борбордук Азия үчүн регионалдык колдоо механизминин колдоосу менен ишке ашырылууда.
(С) А.А.Имашова — Кыргыз-кытай институтунун окутуучусу, демилгенин координатору