2026-жылдын 19-майында Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Чет тилдер институтунда бүтүрүүчү студенттерге арналган салтанаттуу бүтүрүү кечеси болуп өттү.
Иш-чаранын жүрүшүндө институттун директору Кенжебай Уметов бүтүрүүчүлөрдү окууну ийгиликтүү аякташы менен куттуктап, кесиптик жолунда ийгиликтерди, жаңы жетишкендиктерди жана мекенге ак кызмат кылууну каалады. Кафедра башчылары өз каалоо-тилектерин англис, немис, француз жана корей тилдеринде айтышты.
Салтанаттуу кече концерттик программа менен коштолуп, катышуучуларга майрамдык маанай тартуулап, өзгөчө таасир калтырды. Бүтүрүүчүлөр үчүн бул күн студенттик жылдардын жыйынтыгын чыгарган, эсте каларлык жана кубанычтуу майрамга айланды.
Чет тилдер институтунун жамааты бардык бүтүрүүчүлөрдү окуусун ийгиликтүү аякташы менен чын дилинен куттуктап, аларга кең келечек, кесиптик ийгиликтер жана бакубат жашоо каалайт.
Белгилей кетсек, быйыл институтту жалпысынан 139 бүтүрүүчү аяктап жатат. Алардын ичинен:
- 51 студент — Лингвистика багыты (англис тили);
- 18 студент — Лингвистика багыты (немис тили);
- 19 студент — Лингвистика багыты (корей тили);
- 8 студент — Лингвистика багыты (француз тили);
- 18 студент — Европа таануу багыты;
- 15 студент — Котормо жана котормо таануу адистиги (англис тили);
- 10 магистрант — Магистратура программасын аяктаган бүтүрүүчүлөр.
(С) Байболотова Ж.Т. — Чет тилдер институтунун директорунун тарбиялык иштер боюнча орун басары