Кыргыз филологиясы факультетинин Түркология жана котормо таануу бөлүмү аймактардагы мектеп бүтүрүүчүлөрүнө кесип тандоодо көмөк көрсөтүү максатында активдүү иш алып барууда.

Үстүбүздөгү жылдын июнь айынын башында кесипке багыттоо иштеринин алкагында аталган бөлүмдүн окутуучусу С.Б.Тилабердиева Баткен облусунун Раззаков шаарындагы мектептерде жолугушууларды өткөрүп келди.

Жолугушуунун негизги максаты: бүтүрүүчү класстардын окуучуларына туура кесип тандоодо багыт берүү; университетибиздеги билим берүү мүмкүнчүлүктөрү жана артыкчылыктары тууралуу кеңири маалымат жеткирүү; жаштардын келечектеги кесиптик өнүгүүсүнө жана калыптанышына көмөк көрсөтүү.

Иш-чара Раззаков шаарындагы «Жаш Тилек» орто мектебинде жана №1 гимназия-жатак интернатында уюштурулуп, ага мектеп бүтүрүүчүлөрү жана мугалимдер жамааты катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө окуучуларга төмөнкү багыттар боюнча кеңири маалыматтар берилди:

  • жогорку окуу жайына кабыл алуунун шарттары жана эрежелери;
  • университеттин заманбап билим берүү программалары жана факультеттери;
  • студенттер үчүн түзүлгөн шарттар, стипендиялык программалар жана ички мүмкүнчүлүктөр;
  • эмгек рыногунда түркология жана котормо таануу багытынын орду жана суроо-талапка ээ заманбап кесиптер.

Иш-чаранын соңунда окуучулар өздөрүн кызыктырган суроолоруна жооп алышып, кесип тандоого байланыштуу пайдалуу кеңештер менен бөлүшүштү. Мындай жолугушуулар мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн аң-сезимдүү түрдө кесип тандап, келечектеги билим алуу багытын туура аныктоосунда маанилүү роль ойномокчу.

(С) Бурул Элебесова — Түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн башчысы, ф.и.к., доцент

Добавить комментарий