2026-жылдын 4-июнунда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Ректорат кеӊешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Жыйынды КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев алып барды.

Отурумда «Ж.Баласагын атындагы КУУга 2026-2027-окуу жылына кабыл алууга даярдыктар», «Ж.Баласагын атындагы КУУдагы мамлекеттик тилдин абалы жана аны өнүктүрүүнүн жолдору», «2025-жылы Ж.Баласагын атындагы КУУдагы каржы иштерин анализдөө, жыйынтыгы жана бюджетти бекитүү. Ички аудиттин жүрүшү», о.э. «Юридикалык институттун базасында “Укуктук талдоо, интеллектуалдык өнүктүрүү жана инновациялар” борборун ачуу жана анын жобосун бекитүү», «Ж.Баласагын атындагы КУУнун студенттик жатаканаларынын акысын көтөрүү», «Ж.Баласагын атындагы КУУда Бажы жана логистика факультетин түзүү» жөнүндө маселелер каралып, алар боюнча кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Изат Усенов, мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча проректор Назаркул Ишекеев, башкы бухгалтер Жамила Бакай кызы, юридика институтунун профессору Бактыбек Батырбаев, студенттик жатаканалардын координатору Бексултан Шабданов жана биринчи проректор Алайбек Шамшиев баяндама жасашты.

Жыйындын жүрүшүндө маселелер кызуу талкууланып, пикир алмашуу жүрдү. Ректор баяндамачыларга айтылган сунуш-пикирлерди эске алуу менен каралган маселелерди Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отурумуна алып чыгуу боюнча тапшырма берди.

Добавить комментарий