Кыргыз филологиясы факультетинин деканы Бакытбек Жайлообаев менен КУУнун аксакалдар кеңешинин төрагасы Садык Алахан Алай районунун Чоң-Каракол айылындагы орто мектепке Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, «кыргыз адабиятынын Толубай сынчысы» деген атка конгон атактуу адабиятчы Кадыркул Даутовдун ысымын ыйгаруу аземине катышып келишти.

Иш чарага Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев, Ош облусунун губернаторунун орун басары, Алай районунун акими, о.э. Казакстан менен республиканын төрт бурчунан келген өкүлдөр, жергиликтүү калк катышып, залкар адабиятчы тууралуу чын жүрөктөн чыккан сөздөрүн айтышты жана мектепке баалуу белектерин тапшырышты.

Залкар адабиятчы Кадыркул Даутовдун ысымы эл ичинде, калк арасында түбөлүккө жашай бермекчи.

(С) Садык Алахан — КУУнун аксакалдар кеңешинин төрагасы

Добавить комментарий