2026-жылдын 21-майында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде Компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институту (КТЖИИ) тарабынан уюштурулган жасалма интеллект жана киберкоопсуздук боюнча «Санариптик мейкиндикти коргоонун жаңы доору» аттуу III республикалык хакатондун ачылыш аземи болуп өттү.
Иш-чараны мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча проректор Назаркул Ишекеев ачып, жасалма интеллект жашообуздун бардык тармагына кирип жаткандыгына байланыштуу маалыматтык коопсуздукту камсыздоо эң актуалдуу маселеге айланып жатканын билдирди.
Проректор өз сөзүндө: “Биздин хакатондун негизги максаты – жасалма интеллект технологияларын колдонуу аркылуу киберкоопсуздукту камсыздоонун инновациялык ыкмаларын иштеп чыгуу болуп саналат. Бардыңыздарга эки күндүк кызуу иштин алкагында ийгилик, курч ой жүгүртүү жана командалык ынтымак каалайм!”, — деди.
Компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунун директору Амантур Рыспаев республикалык хакатон КУУда үчүнчү жолу өткөрүлүп жатканын айтып, жыл сайын жаштардын кызыгуусу артып, хакатон таанымал интеллектуалдык сынакка айланып бара жатканын белгиледи. Ошондой эле ал быйыл хакатонго 36 команда катышып жатканын, алардын ичинен 7 команда онлайн форматта ат салыша турганын маалымдап, катышуучуларга сынактын негизги багыттары жана баалоо критерийлери тууралуу кыскача маалымат берди.
Иш-чарада аталган институттун стратегиялык өнөктөштөрү катары Ulut Soft IT компаниясы жана Түштүк Кореянын Кемен университеттери тааныштырылды.
Ulut Soft IT компаниясынын директору Мирбек Окенов быйыл дагы калыстар тобун жетектейт, ал быйылкы хакатондо киберкоопсуздуктун актуалдуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгиледи. Мындан тышкары долбоорлордо жөн гана презентация эмес, практикалык жактан ишке ашкан даяр продукт сунушталган иштерге артыкчылык берилерин кошумчалады.
Белгилей кетсек, эртең катышуучулар өз долбоорлорун калыстар тобуна тааныштырышат. Мындай сынактар жаштарга өздөрүнүн кесиптик жөндөмдөрүн көрсөтүүгө, инновациялык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө жана практикалык тажрыйбасын өркүндөтүүгө кеңири мүмкүнчүлүк түзөт.










