2026-жылдын 19-майында Кыргыз улуттук университетинин биринчи проректору – окуу иштери боюнча проректор Алайбек Шамшиев АКШдагы Миссури университетинин эл аралык программалар боюнча вице-проректору Мэри Стегмайер айым менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү, академиялык тажрыйба алмашуу жана биргелешкен билим берүү программаларын ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.

Алайбек Шамшиев АКШдагы илимий-изилдөө багыты өнүккөн беделдүү окуу жайлардын бири болгон Миссури университети менен кызматташууга Кыргыз улуттук университети кызыкдар экенин белгилеп, мындай өнөктөштүк илимий потенциалды жогорулатууга жана эки тарап үчүн тең пайдалуу натыйжаларды жаратууга өбөлгө болорун билдирди. Ошондой эле ал Миссури университетинин медицина, биология жана журналистика тармактарындагы илимий жетишкендиктерине өзгөчө токтолду.

Өз сөзүндө Мэри Стегмайер айым жылуу  кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, студенттер жана окутуучулар үчүн эл аралык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү, биргелешкен илимий долбоорлорду чыңдоо өз ара кызматташуунун маанилүү багыты экенин баса белгиледи

Анан соң вице-проректор КУУнун студенттери менен да  жолугушуп, магистратура жана докторантура программалары, эл аралык билим берүү мүмкүнчүлүктөрү, изилдөө долбоорлору жана окууну каржылоо механизмдери тууралуу кеңири маалымат берди. 

Добавить комментарий