2026-жылдын 18-май күнү 8-окуу имаратындагы конференц-залда көп тармактуу «Экспо-Демилге» долбоору боюнча иш-чара болуп өттү.
Жыйынга илимий иштер боюнча проректор Мырзабек Камчыбек уулу катышып, «Экспо-Демилге» — Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институту тарабынан демилгеленген, өлкөнүн өнүгүүсүнө багытталган бардык тармактар боюнча эң мыкты сунуштарды жана долбоорлорду кароо-сынак аркылуу иргеп алуучу уникалдуу платформа экендигин белгиледи.
Долбоордун негизги философиясы — адам ресурстарын, алдыңкы идеяларды жана финансылык каражаттарды туура айкалыштыруу аркылуу ийгиликке жетүү.
Долбоордун негизги милдеттери:
- Ресурстарды бириктирүү: Мамлекеттик, жеке жана коомдук сектордун мүмкүнчүлүктөрүн өлкөнүн өнүгүүсүнө багыттоо;
- Колдоо көрсөтүү: Тандалып алынган келечектүү долбоорлорду андан ары турмушка ашырууга көмөк көрсөтүү;
- Биримдикке умтулуу: Максаттуу аракеттер аркылуу улуттук биримдикти камсыздоого салым кошуу.
«Экспо-Демилге» кароо-сынагы 4 этап менен жылына бир жолу уюштурулат. Быйылкы 2026-жылдын иш-чарасы апрель айында башталып, декабрь айында жыйынтыкталат.
Демилгелерди жана долбоорлорду каттоо Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун расмий сайты аркылуу жүргүзүлөт.
Баардык кызыкдар тараптарды өлкө келечеги үчүн өз салымдарын кошууга чакырабыз!













