2026-жылдын 12-майында Компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунун «Прикладдык жасалма интеллект» кафедрасынын 2-курсунун студенттери эл аралык академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында Коркут Ата атындагы Кызылорда университетинин Жасалма интеллект институтунун директору Кулмурзаев Н.С. менен онлайн жолугушуу өткөрүлдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кулмурзаев Н.С. университеттин жана Жасалма интеллект институтунун билим берүү, илимий-изилдөө жана академиялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеңири маалымат берди. Ошондой эле студенттерди 2026–2027-окуу жылынын I семестр Коркут Ата атындагы Кызылорда университетинде билим алууга чакырды.
Иш-чаранын алкагында студенттер академиялык мобилдүүлүк программасынын шарттары, окуу процесси, жатакана менен камсыздоо жана билим берүү мүмкүнчүлүктөрү боюнча өздөрүн кызыктырган суроолорду беришип, тиешелүү деңгээлде кеңири жоопторду алышты.
Аталган жолугушуу студенттердин академиялык мобилдүүлүк программаларына болгон кызыгуусун арттырууга, эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана кесиптик билим берүү сапатын жогорулатууга багытталды.
Иш-чара институттун илим жана билим берүү программаларын санариптештирүү иштери боюнча директордун орун басары Б.А. Джунушалиева жана ага окутуучу Б.Б Омуралиеванын жетекчилиги алдында уюштурулду.
(С) Джунушалиева Б.А. — илим жана билим берүү программаларын санариптештирүү боюнча директордун орун басары


