2026-жылдын 15-майында Компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунда эл аралык илимий-технологиялык кызматташтыкты кеңейтүү максатында маанилүү жолугушуу болуп өттү. Институттун директору Амантур Рыспаев Япониянын алдыңкы технологиялык корпорацияларынын бири «Sys Holdings Group» компаниясынын директору Хироки Судзуки мырза баштаган делегацияны кабыл алды.

Жолугушуунун алкагында тараптар заманбап санариптик трансформациянын негизги кыймылдаткыч күчү болгон жасалма интеллект (AI) технологияларын биргеликте өркүндөтүү, илимий-изилдөө иштерин тереңдетүү жана глобалдык инновациялык долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин кеңири талкуулашты.

Талкууланган негизги илимий жана практикалык багыттар:

  • биргелешкен илимий-изилдөө иштери (R&D): Жасалма интеллект, машиналык үйрөтүү (Machine Learning) жана чоң маалыматтарды талдоо (Big Data) чөйрөсүндө биргелешкен илимий лабораториялык изилдөөлөрдү уюштуруу;
  • Жапониянын заманбап өндүрүштүк интеллектуалдык системалардагы тажрыйбасын ата мекендик билим берүү жана илим чөйрөсүнө адаптациялоо;
  • институттун жаш окумуштуулары, PhD докторанттары жана магистранттары үчүн «Sys Holdings Group» компаниясынын базасында илимий-өндүрүштүк стажировкаларды уюштуруу, биргелешкен IT-адистерди даярдоо;
  • жасалма интеллект технологияларын экономиканын реалдуу секторуна, башкаруу тутумдарына жана социалдык чөйрөгө киргизүүнүн илимий-методологиялык негиздерин иштеп чыгуу.

Жолугушуунун жыйынтыгында эки тарап тең заманбап санариптик доордо мындай стратегиялык өнөктөштүк эки өлкөнүн илимий потенциалын жогорулатууга жана эл аралык байланыштарды чыңдоого чоң өбөлгө түзөрүн белгилешти. Жакын арада биргелешкен пландарды юридикалык деңгээлде бекемдөө максатында кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюу тууралуу макулдашууга жетишилди.

(С) Амантур Рыспаев — Компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунун директору

Добавить комментарий