2026-жылдын 15-майында 70 жылдык тарыхы бар, Кыргызстандагы журналисттик кадрларды даярдаган окуу жайлардын сап башында турган  Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика жана коммуникация институту Кыргыз улуттук телерадио корпорациясы менен биргеликте Кытайдын China Global Television Network (CGTN) эл аралык теле тармагына тиешелүү чоң медиа долбоорду ишке ашырып, Кытайдын ири медиахолдинги — China Media Group жана CGTN телеканалы тарабынан уюштурулган «Идеи меняют» аттуу эл аралык теледолбоордун алкагында уюштурулган тартуу иштерине иституттун студенттери жигердүү катышты.

Теледолбоор “Биргеликте окуйбуз” аттуу атайын чыгарылышта уюштурулуп, 20 мүнөттүк эфир катары CGTN жана НТРК каналдарынан көрсөтүлөт.

Коноктор катары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев катышты.

Талкуунун жүрүшүндө Арслан Койчиев «Кытай тибиндеги модернизация: өзгөчөлүктөрү» темасында сөз сүйлөп, азыркы дүйнөдөгү өнүгүү процесстери, маданий жана гуманитардык кызматташтыктын мааниси тууралуу ой бөлүштү.

Министр Мирбек Мамбеталиев маданий дипломатиянын, маалыматтык саясаттын жана жаштар менен иштөөнүн бүгүнкү күндөгү актуалдуулугуна токтолду.

Иш-чарага ошондой эле Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, жазуучу, драматург, публицист жана котормочу Абибилла Пазылов катышты. Ал Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин «Мамлекеттик башкаруу жөнүндө» эмгегинин экинчи томун кыргыз тилине которгон белгилүү адис катары белгиленди.

Теледолбоордун алкагында КУУнун ректору Догдурбек Чонтоев CGTN каналына кеңири маек берип, кыргыз-кытай гуманитардык байланыштары, билим берүү жана эл аралык медиа кызматташтык тууралуу ой-пикирлери менен бөлүштү.

Белгилей кетсек, «Идеи меняют» долбоору — дүйнөлүк саясат, маданият жана коомдук өнүгүү маселелерине арналган эл аралык телеплатформа болуп саналат. Анын алкагында белгилүү мамлекеттик ишмерлер, эксперттер жана коомдук лидерлер актуалдуу темалар боюнча өз көз караштарын билдирип келишет.

(С) П.Джаныбекова — адис

Добавить комментарий