2026-жылдын 15-майында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде Түрк дүйнөсүнүн географтарынын IV эл аралык конгресси болуп өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Эдита Тайгараева, Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин орун басары Бекбосун Бөрүбашев, о.э. Кыргыз географиялык коомунун жана Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Азербайжандын жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү катышты.

Конгресстин негизги максаты — түрк дүйнөсүнүн окумуштууларынын ортосунда географиялык изилдөөлөрдү өнүктүрүү, аймактарды туруктуу өнүктүрүү боюнча илимий иштерди жүргүзүү жана актуалдуу географиялык маселелерди талкуулоо болуп саналат.

Конгресстин расмий ачылыш аземинде Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор Догдурбек Чонтоев сөз сүйлөп, география илими адамзаттын жашоо мейкиндигинде жаратылыш менен коомдун өз ара байланышын изилдеп гана тим болбостон, туруктуу өнүгүүнүн негизги багыттарын аныктоочу чоң мааниге ээ экенин белгиледи. Ал о.э. өтүп жаткан жыйын түрк дүйнөсүнүн илимпоздорунун ортосундагы тажрыйба алмашууну күчөтүп, достук байланыштарды бекемдөөгө өбөлгө түзөрүнө жана илимий жыйын өз максатына жетип, маанилүү сунуш-пикирлер айтылаарына ишеним билдирди.

Иш-чарада илимий баяндамалар угулуп, алардын негизинде талкуулар жүргүзүлдү. 

Белгилей кетсек,  конгресс Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, Кыргыз географиялык коому, Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети, Кусейин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети жана Ош мамлекеттик университети тарабынан биргелешип уюштурулду.

Добавить комментарий