2026-жылдын 15-майында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин башкы имаратында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун ысымы ыйгарылган конференц-залдын ачылыш аземи болуп өттү. Илимий жана маданий жолугушууларды, о.э. эл аралык иш-чараларды өткөрүүгө ылайыкталган жаңы зал эң жогорку стандарттарга жооп заманбап техникалык каражаттар менен жабдылган.
Салтанаттуу ачылышта бул зал жаштардын билим алуусуна, руханий өнүгүүсүнө жана Айтматовдун мурасын даңазалоого кызмат кыла турганы белгиленди. Мындан тышкары бул жерде чыгармачыл инсандардын жана илимпоздордун идеялары талкууланып, интеллектуалдык кызматташтыкты чыңдоого аянтча болоору да айтылды. Аземдин катышуучулары Central Asia Capital фондунун директорлор кеңешинин төрагасы Антон Собинге фонд тарабынан көрсөтүлгөн каржылык колдоо үчүн ыраазычылык билдиришти.
Аталган зал инвестициялар боюнча проректор Гүлбара Сыдыкова жана КУУнун инвестиция бөлүмүнүн демилгеси менен ачылды. Долбоор Central Asia Capital жеке инвестициялык фондунун директорлор кеңешинин төрагасы Антон Собин жана директорлор кеңешинин төрагасынын орун басары Андрей Степанюктун түздөн-түз колдоосу жана жардамы менен ишке ашырылды.
Салтанаттуу аземдин катышуучулары Собин мырзага жана фонддун бүтүндөй командасына каржылык жардамы үчүн терең ыраазычылык билдиришти, бул диалог үчүн заманбап платформа түзүүгө жана өлкөнүн интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүүгө мүмкүндүк берди.
Жаңы конференц-зал достукту, илимди жана маданиятты чыңдоого багытталган алгачкы иш-чараларды өткөрүүгө даяр.








