2026-жылдын 15-май күнү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде Чыңгыз Айтматов атындагы юбилейлик Эл аралык Ысык-Көл форумунун алкагында «Этика, гуманизм жана глобалдык цивилизациялардын диалогу» аттуу жаш окумуштуулардын эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Конференцияны Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары Бекбосун Борубашов ачты. Иш-чарага мамлекеттик органдардын, дипломатиялык корпустун, илимий жана академиялык коомчулуктун, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле жаш окумуштуулар катышты.

Пленардык жыйын Чыңгыз Айтматовдун философиялык мурасы, глобалдык маданий диалог жана улуттук иденттүүлүк маселелерине арналды. Конференциянын алкагында «Ааламдашуу доорунда Ч. Айтматовдун чыгармачылыгындагы улуттук иденттүүлүк, философиялык жана нравалык негиздер», «Санариптик технологиялар жана гуманитардык изилдөөлөр: жасалма интеллект жана медиа билим берүү», «Дүйнөлүк адабият контекстинде Ч. Айтматовдун чыгармачылыгы», «Педагогика жана экология: туруктуу өнүгүү жолундагы социалдык жоопкерчилик» жана «Жаш изилдөөчүлөрдүн стартап-питчинги» аттуу секциялар уюштурулду.

Иш-чаранын алкагында студенттердин стартаптарынын жана илимий идеяларынын көргөзмөсү, демонстрациялык аянтчалар, ошондой эле заманбап илимий-техникалык багыттар боюнча мастер-класстар өткөрүлдү. Конференция Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин координациясы менен уюштурулду.

Конференциянын жыйынтыгында катышуучуларга сертификаттар жана дипломдор тапшырылып, жаштардын илимий демилгелерин колдоого, эл аралык илимий кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана заманбап коомдогу гуманисттик баалуулуктарды чыңдоого багытталган резолюция кабыл алынды.

Пленардык отурум

Секциялык отурумдар

Сертификат тапшыруу

Добавить комментарий