2026-жылдын 14-майында Кыргыз филологиясы факультетинин түркология жана котормо таануу бөлүмү тарабынан Түркмөнстандын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги жана Махтумкули атындагы Түркмөн мамлекеттик университети менен биргеликте “Түркмөнстан: тил, адабият, тарых жана маданият” аттуу “III Түркологиялык окуулар” сериясы өткөрүлдү.
Иш-чара КУУнун 100 жылдыгына жана Баку Түркологиялык Курултайынын 100 жылдыгына карата уюштурулду. Түрк дүйнөсүнүн илимий жана маданий байланышын чыңдоону максат кылган бул Эл аралык илимий окуу университеттин Түрк мурасы борборунда гибрид форматта өттү.
Алгач расмий куттуктоо сөздөрү менен илимий иштери боюнча проректор Камчыбек уулу Мырзабек, Түркмөнстандын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин экинчи катчысы Бахар Бердиева жана Махтумкули атындагы Түркмөн мамлекеттик университетинин илимий иштер боюнча бөлүмүнүн башчысы, тарых и.к., доцент Мурат Хожакулиев сөз сүйлөштү.
Иш-чаранын негизги бөлүгүндө Махтумкули атындагы Түркмөн мамлекеттик университетинин окумуштуу-илимпозору илимий баяндамаларды жасашты: “Маданий мурас: өткөндөн бүгүнкү күнгө чейин” аттуу UNESCO кафедрасынын башчысы, тарых и.к., доцент Бике Худайбердиева “Түркмөнстан – UNESCO: улуттук жана дүйнөлүк маданий мурастарды коргоо багытындагы кызматташтык” темасында баяндама жасап, түркмөн элинин маданий мурастарын сактоо жана дүйнөгө таанытуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу кеңири маалымат берди. Ошондой эле түркмөн тили кафедрасынын башчысы, фил.и.к., доцент Гүлрух Гурбанова “Түрк тектүү элдердин маданиятындагы менталдык-лингвистикалык өзгөчөлүктөргө ээ сөздөрдөгү окшоштуктар жана айырмачылыктар” аттуу баяндамасында түрк тилдеринин ортосундагы тилдик жана маданий байланыштарга токтолду.
III Түркологиялык окууларга Кыргызстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Казакстан, Азербайжан жана Түркиянын жогорку окуу жайларынан окумуштуулар, окутуучулар жана жаш изилдөөчүлөр катышты. Атап айтканда, К. Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университети, Ш. Рашидов атындагы Самарканд мамлекеттик университети, “Жибек Жолу” Эл аралык туризм жана маданий мурас университети, Бердах атындагы Каракалпак мамлекеттик университети, Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университети, Л. Н. Гумилев атындагы Евразия улуттук университети, Азербайжан мамлекеттик педагогикалык университети, Хазар университети, Баку славян университети, Азербайжан мамлекеттик мунай жана өнөр жай университети, Фырат университети, Кавказ университети, Дижле университети, Ататүрк университети, Афьон Кожатепе университети жана Нигде Өмер Халисдемир университети сыяктуу өнөктөш университеттердин өкүлдөрү катышышты.
Жогоруда белгиленген өнөктөш университеттердин катышуусун камсыз кылган төмөндөгү координатору Түрк Дүйнөсүндөгү билим берүү, илимий диалог жана маданий кызматташууну бекемдөөдө Түркологиялык окуулардын мааниси абдан жогору экендигин белгилешти:
- Мурат Хожакулиев – тарых илимдеринин кандидаты, Махтумкули атындагы Түркмөн мамлекеттик университетинин илимий иштер бөлүмүнүн башчысы
- Элмира Хурибаева – профессор, К. Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университет
- Р. У. Рузманова – доцент, Ш. Рашидов атындагы Самарканд мамлекеттик университети
- Эмрах Йылмаз – доцент, Ш. Рашидов атындагы Самарканд мамлекеттик университети
- Тулкин Султанов – доцент, «Жибек Жолу» Эл аралык туризм жана маданий мурас университети
- Назарбай Кылычов – профессор, Бердах атындагы Каракалпак мамлекеттик университети
- Эльнара Дулаева – доцент, Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университети
- Урзада Муссабекова – доцент, Л. Н. Гумилев атындагы Евразия улуттук университети
- Йегане Кахраманова – доцент, Азербайжан мамлекеттик педагогикалык университети
- Дилбер Зейналова – профессор, Хазар университети
- Гүлбениз Махдиева – PhD доктору, Баку славян университети
- Сабина Тагиева – Азербайжан мамлекеттик мунай жана өнөр жай университети
- Эржан Алкая – профессор, Фырат университети
- Илкин Гүлүсой – профессор, Кавказ университети
- Абдүлмукаддас Кутлу – улук окутуучу, Дижле университети
- Синан Динч – доцент, Ататүрк университети
- Туна Бешен Делидже – доцент, Афьон Кожатепе университети
- Хикмет Кораш – профессор, Нигде Өмер Халисдемир университети
Окуунун талкуу бөлүгүндө өнөктөш университеттердин өкүлдөрү университетибизге Түркологиялык окуулардын уюштуруучуларына, баяндамачыларга, сунуш-пикирлерин айтып, терең ыраазычылыктарын билдиришти.
Иш-чаранын соңунда Түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн башчысы доц. Бурул Элебесова тарабынан катышуучуларга жана баяндамачыларга ыраазычылык билдирилип, баяндамалары үчүн: тарых и.к., доцент Бике Худайбердиевага жана фил.и.к., доцент Гүлрух Гурбановага, окууларды уюштурууга жигердүү салым кошкондугу үчүн тарых и.к., доцент Мурат Хожакулиевге жана баяндамаларды которууга катышкандыгы үчүн Сона Аннаевага университетибиздин ректору геог.и.д., профессор Догдурбек Чонтоевдин атынан ыраазычылык каттарды тапшырды. Ошондой эле, түркология тармагындагы илимий жана маданий кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүү боюнча пикирлерин ортого салды.
“III Түркологиялык окуулар” сериясы түрк дүйнөсүнүн ортосундагы илимий интеграцияны бекемдеп, жаш изилдөөчүлөрдү колдоого жана орток маданий мурастарды сактоого багытталган маанилүү Эл аралык аянтча катары өз максатына жетти.
Иш-чараны Түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн ага окутуучусу Фаризат Курамаева алып барды.
(С) Бурул Элебесова — түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн башчысы, ф.и.к., доцент






