2026-жылдын 13-майында «Ала-Тоо» эл аралык университетинин базасында Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, философия илимдеринин доктору, профессор Эдилова Мариям Миталиповнанын 75 жылдык мааракесине арналган «Гендер: теория жана практика» аттуу эл аралык тегерек стол болуп өттү.
Иш-чарага социалдык-гуманитардык илимдер институтунун профессордук-окутуучулук курамы жигердүү катышты. Алардын катарында: СГИИнин директору, доцент А.Т.Качкынова; социология жана социалдык иш кафедрасынын башчысы, доцент Б.А.Малтабаров; философия, маданияттын теориясы жана тарыхы кафедрасынын башчысы, доцент Н.О.Касымова; философия илимдеринин доктору, профессор Ч.Т.Нусупов; социология илимдеринин доктору, профессор С.О.Жунушова; социология илимдеринин кандидаты, доцент А.К.Шайылдаева; социология илимдеринин кандидаты, доцент А.Ш.Жолдошева; социология илимдеринин кандидаты, доцент Б.М.Кошбакова; окутуучу Н.Б.Токоева жана окутуучу Э.Б.Кадырова.
Иш-чаранын салтанаттуу бөлүгү маараке ээсине багытталган жылуу куттуктоолор менен ачылды. СГИИнин директору, доцент А.Т.Качкынова куттуктоо сөзүндө университеттин жетекчилигинин жана институттун эмгек жамаатынын атынан Мариям Миталиповнаны куттуктап, анын ата мекендик илимдин жана билим берүүнүн өнүгүшүнө кошкон баа жеткис салымын белгиледи.
Өз сөзүндө директор профессордун көп жылдык жемиштүү жолуна токтолуп, анын Ж.Баласагын атындагы КУУнун философия кафедрасында иштеген жылдарын эске салды. Дал ушул мезгилде анын философия жана социология тармагындагы терең илимий изилдөөлөрүнүн пайдубалы түптөлгөнү айтылды. А.Т.Качкынова Мариям Миталиповнаны республикадагы алдыңкы окумуштуу-гендерологдордун бири катары мүнөздөп, анын гендердик теңчилик, социалдык адилеттүүлүк жана философия маселелерине арналган илимий эмгектери көптөгөн изилдөөчүлөр менен студенттер үчүн баалуу курал болуп калганын баса белгиледи.
Иш-чаранын негизги окуяларынын бири — юбилей ээсинин жаңы жарык көргөн «Гендер теориясы жана практикасы» аттуу китебинин бет ачары болду. Мариям Миталиповна өз сөзүндө китептин негизги идеяларын тааныштырып, анда анын көп жылдык тажрыйбасы жана Кыргызстандагы гендердик маселелерди изилдөөдөгү заманбап ыкмалар камтылганын айтып берди.
Иш-чаранын алкагында эки профилдик секциянын иши пландаштырылды:
- №1 Секция: Гендердин теориялык жана социалдык-маданий аспектилери. Модератор: профессор С.О. Жунушова, тех.катчы: Мамаева А.О. Биринчи секция гендердик социологиянын калыптанышындагы фундаменталдык маселелерге жана маданий коддордун трансформациясына арналды.
- №2 Секция: Социалдык-экономикалык адаптация жана санариптик иденттүүлүк модератор: доцент Батма Кошбакова, тех.катчы: Абылова М. Экинчи секция гендердик теңчиликти ишке ашыруунун практикалык аспектилерине арналды.
Өткөрүлгөн иш-чара илимий диалогду чыңдоодогу маанилүү кадам болуп, социалдык-гуманитардык илимдер институтунун гендердик изилдөөлөр чөйрөсүндөгү алдыңкы позициясын дагы бир ирет тастыктады.
(С) Батма Кошбакова — доцент


