Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Карьера, ишке орноштуруу жана кесипке багыт берүү борбору тарабынан жүргүзүлүп жаткан кесипке багыт берүү иштеринин алкагында 2026-жылдын 11-майында Түп жана Токтогул райондорунун окуучулары жана мугалимдери менен жолугушуу өткөрүлдү. Иш-чарага о.э. «Прогресс Түп» жана «Прогресс Токтогул» коомдук бирикмелеринин өкүлдөрү катышты.
Жолугушууда университеттин факультеттери, билим берүү багыттары, кабыл алуу шарттары, академиялык мобилдүүлүк программалары, эл аралык стажировкалар, студенттик жашоо, илимий мүмкүнчүлүктөр жана бүтүрүүчүлөрдү ишке орноштуруу багыттары тууралуу кеңири маалымат берилди. Ошондой эле катышуучуларга заманбап эмгек рыногунда талап кылынган адистиктер жана кесип тандоонун негизги багыттары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Иш-чаранын алкагында окуучулар университеттин окуу корпустары менен таанышып, аудиторияларды, лабораторияларды, китепкананы жана студенттер үчүн түзүлгөн шарттарды көрүштү. Бул аларга университеттеги билим берүү чөйрөсү жана студенттик жашоо тууралуу кеңири түшүнүк алууга мүмкүнчүлүк берди. Жолугушуунун жыйынтыгында катышуучулар мындай иш-чаралардын кесип тандоодо мааниси чоң экенин белгилешип, уюштуруучуларга ыраазычылык билдиришти.
Карьера, ишке орноштуруу жана кесиптик багыт берүү борбору (КИОжКБББ) жана Кабыл комиссиясы тарабынан уюштурулган иш-чарага о.э. Бишкек шаарындагы башка жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү да катышты.
(С) Матраимова Майрамгүл — КИОжКБББ башкы адиси


