2026-жылдын 12-мартындагы билим берүү жана илимий ишмердүүлүк чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө Меморандумду ишке ашыруунун алкагында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети менен Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин генерал-лейтенант А.К. Бакаев атындагы Академиясы ортосунда академиялык мобилдүүлүк программасынын негизинде аталган Академиянын профессордук-окутуучулук курамы үчүн адистештирилген тренинг өткөрүлдү.

Тренингдин жүрүшүндө катышуучуларга илимий-изилдөө ишмердүүлүгүн уюштуруунун заманбап ыкмалары, илимий талдоонун инструменттери, ошондой эле билим берүү программаларын эл аралык илимий-билим берүү мейкиндигине интеграциялоо механизмдери сунушталды. Мындан тышкары, адистердин кесиптик тажрыйба алмашуусуна, колдонмо көндүмдөрүн өнүктүрүүгө жана дүйнөлүк тажрыйбаны эске алуу менен алдыңкы илимий-изилдөө практикаларын өздөштүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Тренинг Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин профессордук-окутуучулук курамы тарабынан академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында өткөрүлүп, иш-чаранын жогорку илимий-методикалык деңгээлде уюштурулушун камсыз кылды.

2026-жылдын 25-мартынан 16-апрелине чейинки мезгилде өткөрүлгөн окутуу тренингдеринин циклинин жыйынтыгы боюнча, жыйынтыктоочу тестирлөөдөн ийгиликтүү өткөн катышуучуларга сертификаттар тапшырылып, алардын тиешелүү компетенцияларды өздөштүргөндүгү тастыкталды.

2026-жылдын 29-апрелинде тренингдин жыйынтыгы менен Камчыбек уулу М. – илимий иштер боюнча проректор, ошондой эле КНУнун Докторантура мектебинин тренерлери тарабынан КР УКМК Академиясынын музейине баруу уюштурулуп, окуу жайдын инфраструктурасы менен таанышуу жүргүзүлдү.

Жолугушуунун соңунда салтанаттуу түрдө төмөнкүдөй сыйлыктар тапшырылды:

  • тренингдин программасын ийгиликтүү өздөштүргөн катышуучуларга сертификаттар;
  • Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин жетекчилигине жана тренерлерине жогорку деңгээлде тренинг өткөргөндүгү жана академиялык мобилдүүлүктү, жогорку окуу жайлар аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн сертификаттар жана ыраазычылык каттар.

Аталган иш-чараны өткөрүү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети менен Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин генерал-лейтенант А.К. Бакаев атындагы Академиясы ортосундагы институционалдык кызматташтыкты чыңдоодо маанилүү кадам болуп калды.

(C) А.Дооранов — докторантура мектебинин директору