Кыргыз улуттук университетинде 2026-жылдын 11-майында жогорку окуу жайларынын окутуучулары жана орто мектеп мугалимдери үчүн тарых жана аймак таануу багытындагы «Чоң Алтайдын түрк элдеринин тарыхый-маданий мурасы: изилдөөнүн жана жаш муунга жеткирүүнүн заманбап тенденциялары» аттуу методикалык семинар башталды.
Иш-чаранын расмий ачылыш аземине илимий иштер боюнча проректор Мырзабек Камчыбек уулу катышып, Алтай мамлекеттик университети менен Улуттук университеттин тыгыз билим берүү жана маданий байланыштарынын алкагында жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылып, өз ара тажрыйба алмашуу ишке ашып жатканын белгиледи.
Семинарга Алтай мамлекеттик университетинен келген делегация тааныштырылып, борбордун директору Юлия Лысенко Александровна сөз сүйлөдү. Анын айтымында, илимий борбор 2012-жылы түзүлгөндөн бери эл аралык деңгээлде иш алып барып, бүгүнкү күндө Борбор Азиядагы 30га жакын жогорку окуу жай менен кызматташууда. Ошондой эле жаш окумуштуулар үчүн уюштурулган жайкы мектептер жана форумдар аркылуу илимий чөйрөдөгү кызматташтык кеңейип жатканын билдирди.
Мындан тышкары, КР УИАнын Б. Жамгерчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институтунун директору Абылабек Асанканов «Чоң Алтай» долбоору түрк элдери үчүн өзгөчө мааниге ээ экенин белгилеп, семинардагы баяндамалар окуучулар менен студенттер үчүн актуалдуу жана маанилүү темаларды камтый турганын айтты.
Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучуларга тарыхый-маданий мурастарды окутуунун заманбап ыкмалары боюнча баяндамалар сунушталды. Эскерте кетсек, методикалык семинар 12-майга чейин уланат.











