2026-жылдын 30-апрель күнү башкы имараттагы санариптик технологиялар борборунда КУУнун ректору Догдурбек Чонтоев университеттин түзүм жетекчилери менен өндүрүштүк кеңешме өткөрдү.
Ректор катышуучуларга Ысык-Көлдөгү илимий борбор, КУУнун илимий журналдары жана ЖОЖдор Универсиадага катышкан КУУнун курама командасы боюнча жагымдуу кабарлар менен бөлүшүп, 2026-жылдын 22-апрелинен тартып Эл аралык медицина жана илим институтунун директору кызматына дайындалган химия илимдеринин доктору, профессор Зарипова Анар Аскарбековнаны жана 2026-жылдын 27-апрелинен тартып Социалдык-гуманитардык илимдер институтунун директору кызматына дайындалган философия, маданияттын теориясы жана тарыхы кафедрасынын башчысы, философия илимдеринин кандидаты Качкынова Аида Турдубековнаны тааныштырды.
Жыйындын жүрүшүндө о.э. Улуттук университеттин билим берүү ишмердүүлүгүнө байланышкан башка маселелер да каралды.










