2026-жылдын 29-апрелинде Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине Ысык-Көл облусунун Ак-Суу жана Жети-Өгүз райондорунан мектеп окуучулары келип, окуу жайдын Карьера, ишке орноштуруу жана кесипке багыт берүү борбору аларга тааныштыруу экскурсиясын өткөрдү.

Алгач №8 окуу имаратындагы конференц-залда окуу жай тууралуу тааныштыруу презентациясы жана видео материалдар көрсөтүлүп, андан соң окуучуларга окуу багыттары, институт, факультеттер, заманбап окуу процесси жана мүмкүнчүлүктөр жөнүндө маалымат берилди. Ошондой эле университеттин окуу имараттарына экскурсия уюштурулду.

Экскурсиянын максаты – жогорку билимдин мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүү, окуучулардын кесиптик багыт алуусуна жана дүйнө таанымын кеңейтүүгө көмөктөшүү болду.

Окуучулар адистик тандоо боюнча кененирээк маалымат алышты. Окуучуларды жетектеп келген – «Ынсап элим» коомдук фондуна ыраазычылык билдиребиз.

(С) Дилдебаева АйтолкунКарьера, ишке орноштуруу жана кесипке багыт берүү борборунун жетектөөчү адиси

Добавить комментарий