2026-жылдын 22-апрелинде Кыргыз улуттук университетинде 1926-жылы болуп өткөн Биринчи түркологиялык курултайдын 100 жылдыгына арналган “Кылым карыткан улуттук дем: тунгуч агартуучулар” аттуу I Эл аралык студенттик симпозиум болуп өттү.  Кеңири форматта уюштурулган иш-чарага Азербайжан, Түркия, Россия, Казакстан, Өзбекстан мамлекеттеринен жана жергиликтүү жогорку окуу жайлардан жалпы 140 ка жакын студент катышып, 5 секция багытында иш жүргүзүлүп, төмөнкүдөй жыйынтыктар чыгарылды.

1-секция “1926-жыл: Биринчи түркологиялык курултай – түрк элдеринин мамлекеттүүлүгүн түптөөдөгү ролу, мааниси” деп аталып, 35 студент макалаларын жиберди. Секциялык иштин жыйынтыгында дипломдор, сертификаттар, жетекчилерине ыраазычылык каттар берилди.

  • I орун. Бексултанов Даван Адилбекович – Жетекчиси: ф.и.д., профессор  Асакеева Динара, К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети
  • II орун. Камбарова Чынара  — Жетекчиси: ф.и.д, профессор А.Акынбекова Ж.Баласагын атындагы КУУ
  • II орун. Төрөбекова Кипариза Таалайбековна – Жетекчиси: улук окутуучу Уркинчиева Гулсайра, К.Карасаев атындагы Бишкек  мамлекеттик университети
  • III орун. Мирланова Аида –  Жетекчиси: ф.и.к., доцент Г.Устабаева, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети
  • III орун. Сайпидинов Нурсултан Нурланович – Жетекчиси: т.и.к., доцент Асипбаева Майрамкүл, Ж.Баласагын атындагы КУУ

2-секция “Түрк элдеринин тунгуч агартуучулары жана илимий чыгармачылык жолдору” деп аталып, 45 студент макалаларын жиберди

  • I орун. Мамытова Шайыргүл Шералиевна – Жетекчиси: ф.и.к., доцент Исмаилова Гулбарчын, Ж.Баласагын атындагы КУУ.
  • II орун. Чилтенбаева Айдай Мирлановна – Жетекчиси: ф.и.к., доцент Акунов Эмиль, Ж.Баласагын атындагы КУУ
  • II орун. Данияров Самаган Кеңешбекович – Жетекчиси: ф.и.к., доцент Сулайманкулова Мээрим Бекболотовна, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы Юридикалык академиясы.
  • II орун. Айылчиева Бегина Асылбековна – Жетекчиси: ф.и.к.,доцент Осмонова Наргул, Ж.Баласагын атындагы КУУ.
  • III орун. Эрмекбаев Мирбек – Жетекчиси: улук окутуучу Орозалы кызы Лира, И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту
  • III орун. Шергазиева Асема – Жетекчиси: п.и.к., доцент Аскар кызы Жылдыз, Ж.Баласагын атындагы КУУ.
  • III орун. Акпаралиева Айзирек – Жетекчиси: КУУнун ардактуу профессору Апышева Майрамкуль, Ж.Баласагын атындагы КУУ.

3-секция “Евразиялык мейкиндигинде салыштырма лингвистика жана фольклор, адабият таануу маселелери” деп аталып, 15 студент макала жиберди.

  • I орун. Шакарбеков Акжол Мирланович – Жетекчиси: п.и.к., доцент Өмүралиева Кундуз, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын юридикалык академиясы.
  • II орун. Абдилажанова Нафиса Фархатжановна – Жетекчиси: п.и.к., доцент Абдырасулова Элмира Кыдырмаевна, И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы.
  • II орун. Кудайбергенова Жасмина Бактыяровна – Жетекчиси: ф.и.д., профессор Акынбекова Айман Усенбаевна, Ж.Баласагын атындагы КУУ.
  • III орун. Турдубаева Сүйүмкан Сулаймановна – Жетекчиси: улук окутуучу Кубатбек кызы Мээрим, Ж.Баласагын атындагы КУУ.

4-секция – онлайн

Азербайжан, Түркия, Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын региондорунан 23 студент катышты.

  • I орун. Komila ERGASHEVA – Жетекчиси: доцент Тахмина Акрамова, Жибек Жолу Эл аралык туризм жана маданий мурас университети (Самарканд, Өзбекстан)
  • II орун. Бейсен Медина – Жетекчиси: ф.и.д., профессор Мусабекова У, Лев Гумилев атындагы Евразия улуттук университети
  • III орун. Gülpәri ERGİN – Жетекчиси: доцент Йегана Кахраманова, Азербайжан мамлекеттик педагогикалык университети

5-секция. Чет элдик  студент. Макалаларын англис тилинде берилген. 8 студент.

  • I орун. Рага Сай Шаран ( Raga Sai Sharan)  — Жетекчиси: улук окутуучу  Ажибекова Азиза Арстанбековна, Эл аралык жогорку медициналык мектеп, Ысык-Кɵл кампусу
  • II орун. Бекташева Жибек ( Bektasheva Jibek) – Жетекчиси: т.и.к., доцент Кожолиев Акылбек Джалилбекович, И.Раззаков атындагы КТМУнун архитектуралык чөйрөнүн дизайны кафедрасы.
  • III орун. Урудж Ансари- Эл аралык жогорку медициналык мектеп, Ысык-Кɵл кампусу.

(С) Турдубаева Назгуль — кыргыз филологиясы факультетинин деканынын илимий иштер боюнча орун басары, доцент, ф.и.к.

Добавить комментарий