2026-жылдын 22-апрелинде Кыргыз улуттук университетинде Биринчи түркологиялык курултайдын (1926) 100 жылдыгына арналган “Кылым карыткан улуттук дем: тунгуч агартуучулар” аттуу  I Эл аралык студенттик симпозиум болуп өттү. Кеңири форматта уюштурулган иш-чарага Азербайжан, Түркия, Россия, Казакстан, Өзбекстан мамлекеттеринен жана жергиликтүү жогорку окуу жайлардан жалпы 140ка жакын студент катышты. Симпозиум төрт секцияга бөлүнүп өткөрүлдү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев, академик Сыртбай Мусаев, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун башкы катчысынын кеңешчиси Сабырбек Бөрүбаев, о.э. студенттер жана окутуучулар катышты.

КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев бул иш-чара I түркологиялык курултайдын 100 жылдыгына арналган экинчи ири долбоор экенин белгилеп, эл аралык студенттик симпозиум мындан ары да жыл сайын өткөрүлөрүн билдирди. Ал өз сөзүндө симпозиум түрк дүйнөсүнүн жаштарынын ортосунда илимий жана маданий байланыштарды чыңдоого өбөлгө түзөрүн, ошондой эле баяндама материалдары жыйнак болуп басылып, онлайн платформаларга жайгаштырыларын кошумчалады.

Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев бүгүнкү күндө маданий-саясий элитанын жаңы муунун калыптандыруу зарылдыгын белгилеп, тарыхтагы Касым Тыныстанов сыяктуу залкар инсандарды тарбиялоо маанилүү экенин айтты жана симпозиумдун уюштуруучуларына Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысынын “Ыраазычылык катын” тапшырды.

Академик Сыртбай Мусаев Бакуда өткөн түркологиялык курултайдын тарыхына токтолуп, азыркы шартта идеясы бар, улуттук өнүгүү, тил, маданият жана билим берүү тармактарында аракет кылган жаштар үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөр жана колдоо бар экенин баса белгиледи.

ТҮРКСОЙ Эл аралык уюмунун кеңешчиси Сабырбек Бөрүбаев студенттик симпозиумдун ийгиликтүү өтүшүнө каалоо айтып, КУУнун ректору Д.Т.Чонтоевди, академик С.Мусаевди ТҮРКСОЙ Эл аралык уюмунун медалы менен сыйлап, сыйлык түркологияга байланыштуу салмактуу илимий изилдөөлөрдү уюштуруп жаткандыгына байланыштуу берилип жаткандыгын белгиледи. Ал эми доцент Н.Турдубаеваны ТЮРКСОЙ Эл аралык уюмунун “Даде Коркут” аттуу медалы менен сыйлап, аталган медаль илимий жыйындарды жигердүү уюштургандыгы үчүн берилгенин айтты. Бул сыйлыктарды улай студенттер, мугалимдер ТҮРКСОЙ Эл аралык уюмунун “Ардак грамотасы” менен сыйланышты.

Симпозиумдун алкагында студенттер бир катар маанилүү темалар боюнча баяндамаларды сунушташты. Алардын арасында Бакудагы түркологиялык курултайдын түрк тилдеринин өнүгүүсүндөгү тарыхый ролу, алгачкы кыргыз профессору Касым Тыныстановдун илимий-агартуучулук ишмердүүлүгү, Жусуп Баласагындын түрк элдеринин маданий мурасындагы орду, Биринчи түркологиялык курултай – сабаттуу өлкө куруунун башаты деген баяндамалар  кызыгуу жаратты. 

Секциялык жыйындарда катышуучулар илимий баяндамаларын талкуулап, тарыхый фактыларды анализдеп, агартуучулардын коомду өнүктүрүүдөгү ролуна өзгөчө көңүл бурушту. Алардын мурасы бүгүнкү күндө да актуалдуулугун жоготпогону белгиленди. Жалпысынан, симпозиум студенттердин  өз  ара  тажрыйба алмашууга,  түрк дүйнөсүндөгү илимий башаттарды  терең түшүнүүгө  салым кошту.  

Добавить комментарий