2026-жылдын 22-апрелинде Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинде «Декандын кубогу» үчүн футбол мелдеши өткөрүлдү. Турнир факультеттин 30 жылдык мааракесине арналган иш-чаралардын алкагында өткөрүлүп, студенттердин активдүүлүгүн жогорулатууга, сергек жашоо образын жайылтууга жана командалык рухту бекемдөөгө багытталды.

Иш-чараны факультеттин деканы Алмазбек Кадыр уулу ачып, катышуучуларга ийгилик каалап, мындай мелдештер студенттердин биримдигин чыңдоодо жана сергек жашоо образын калыптандырууда өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи.

Турнирге факультеттин студенттеринен түзүлгөн 7 команда катышып, достук маанайда, ынтымактуу жана атаандаштыкка бай оюндарды көрсөтүштү. Мелдештин негизги максаты – студенттердин арасында сергек жашоо образын жайылтуу, биримдикти чыңдоо жана факультеттин мааракесин татыктуу белгилөө болду.

Мелдеште баш байге катары 10 000 сом коюлуп, байгелүү орундар үчүн төмөнкүдөй акчалай сыйлыктар белгиленди:

  • 1-орун: 5 000 сом
  • 2-орун: 3 000 сом
  • 3-орун: 2 000 сом

Оюндун жыйынтыгында:

  • 1-орунду 3-курс командасы ээледи;
  • 2-орунду 1-курстун 4-тобу алды;
  • 3-орунга 1-курстун 1-2 топтору татыктуу болду.

Жеңүүчүлөр жана байге ээлери кубок, акчалай сыйлык, дипломдор менен сыйланышты. Факультеттин профессору Издевалды Искаков мындай иш-чаралар студенттердин активдүү жарандык позициясын калыптандырууда жана лидерлик сапаттарын өнүктүрүүдө маанилүү экенин белгиледи.

Бул спорттук иш-чара факультеттин студенттеринин биримдигин арттырып, майрамдык маанайды жаратып, жогорку деңгээлде уюштурулгандыгы менен өзгөчөлөндү.

(С) Джапарова Г.Э. — тарбия иштери боюнча декандын орун басары

Добавить комментарий