Кыргыз филологиясы факультетинин кыргыз тил илими кафедрасынын профессору, филология илимдеринин доктору, УИАнын корреспондент-мүчөсү Турусбек Маразыков 2026-жылдын 25-апрелинде Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетине иш сапары менен барып, Филология институтунун кыргыз тили жана адабияты профилинде окуган студенттер үчүн “Азыркы кыргыз тилинин теориялык маселелери” аттуу темада конок лекция өттү.

Эки университеттин ортосунда түзүлгөн өз ара кызматташуу жөнүндө келишимди аткаруу жана академиялык мобилдүүлүк программасын ишке ашыруу максатында өтүлгөн сабактын жүрүшүндө КУУнун окумуштуусу азыркы кыргыз тил илиминин актуалдуу багыттарына, теориялык маселелерине жана алардын илимий изилдениш деңгээлине кеңири токтолду. Ошондой эле тилдин өнүгүү мыйзам ченемдүүлүктөрү, заманбап лингвистикалык ыкмалар, кыргыз тилинин функционалдык өзгөчөлүктөрү жана келечектеги изилдөө багыттары тууралуу терең мазмундуу маалыматтарды берди.

Лекция жандуу жана интерактивдүү форматта өтүп, студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорду беришип, профессор менен түз баарлашууга мүмкүнчүлүк алышты. Бул алардын теориялык билимдерин бекемдөөгө жана илимий ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө жакшы шарт түздү.

Конок лекция жогорку деңгээлде өтүп, студенттер үчүн пайдалуу жана мазмундуу болду.

(С) А.У.Акынбекова – кыргыз тил илими кафедрасынын башчысы, профессор

Добавить комментарий