2026-жылдын 23-апрелинде «Мен мугалим болом -2026!» эл аралык сынагынын баш байгесинин жеңүүчүсү, КУУнун М.М.Тайиров атындагы Кызыл-Кыя институтунун 2-курс студенти Элеонора Эргешова университеттин чет тилдер кафедраларынын башчыларына жана башка түзүмдөрдүн профессордук-окутуучулар курамына сынакта жеңген сабагы боюнча мастер класс өтүп берди.
Биринчи проректор — окуу иштери боюнча проректор Алайбек Шамшиев Элеоноранын ар тараптуу өнүккөн студент экендиги, англис тилин үйрөтүү боюнча ютуб каналында 746 миң катталуучусу бар экендиги тууралуу айтып берди.
Элеонора Эргешованын англис тили сабагынан «Do exercises» темасында өткөн мастер-классы катышуучулар тарабынан жакшы бааланып, кафедра башчылары менен профессордук-окутуучулар курамы студент кызга жакшы каалоо-тилектерин билдиришти.