2026-жылдын 22-апрель күнү мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча проректор Назаркул Ишекеев Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин жалпы жамаатынын атынан Улуттук статистика комитетинин (УСК) төрагасы Кудайбергенов Бактыбек Жапаровичке КУУнун ректору Догдурбек Чонтоевдин аталган комитеттин түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракеси менен куттуктоосун салтанаттуу түрдө тапшырды.
Белгилей кетсек, Улуттук университети үчүн статистикалык маалыматтар илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүнүн, аналитикалык материалдарды даярдоонун, билим берүү программаларын иштеп чыгуунун жана студенттерде практикага багытталган компетенцияларды калыптандыруунун эң маанилүү илимий өзөгү болуп эсептелет. Сапаттуу статистикалык маалыматсыз заманбап илимдин толук кандуу өнүгүшү жана келечектеги адистерди натыйжалуу даярдоо мүмкүн эмес.
КУУ менен УСКнын ортосундагы кызматташтык мындан ары да илимий потенциалды өнүктүрүүгө, мамлекеттик башкаруунун аналитикалык базасын бекемдөөгө жана жогорку квалификациялуу адистерди даярдоого өбөлгө болот деп ишенебиз.