2026-жылдын 16-апрелинде Ж.Баласагын атындагы КУУнун Баткен институтунда Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы жарлыгы менен бекитилген «Улуттук дем — дуйнолук бийиктик» унгужолу жөнүндө жарлыгын ишке ашыруу максатында УИАнын Медициналык жана биологиялык илим изилдөө институту, А.С.Джаманбаев атындагы Жаратылыш байлыктары институту, Жалал-Абад илимий борбору менен биргеликте Баткен облусунун туруктуу өнүгүүсүнө арналган «Илим, практика жана инновациялар – туруктуу өнүгүүнүн негизги булактары” аттуу эл аралык илимий конференция өткөрүлдү.
Жыйынга УИАнын ТБ төрагасы Османакун Ибраимов, илим изилдөө институттарынын, ЖОЖдордун профессорлору жана илимпоздору катышышты.
Иш-чаранын алкагында илимпоздор, адистер жана жаш изилдөөчүлөр аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсү, инновацияларды киргизүү, экологиялык коопсуздук жана билим берүү маселелери боюнча ой бөлүшүшту.
Бул конференция илим менен практиканын байланышын бекемдеп, Баткендин өнүгүүсүнө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат деген үмүттөбүз.
(С) Абиба Саматова — б.и.к., доцент