2026-жылдын 14-апрелинде илимий иштер боюнча проректор Мырзабек Камчыбек уулу университеттин өнүгүшүнө кошкон салымы, 70 жаш юбилейи жана узак жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн 6-окуу имаратынын комендантынын орун басары Рима Шамырканованы «Кыргыз улуттук университетине 100 жыл» юбилейлик медалы менен сыйлады.
Рима Шамырканова университетте эмгек жолун 1998-жылдын 1-октябрынан тартып баштап, ушул күнгө чейин жоопкерчиликтүү жана так иш алып барып келет.