2026-жылдын 16-апрелинде Социалдык-гуманитардык илимдер институтунда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети менен Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык илимий-изилдөө университети биргеликте уюштурган «Мамлекеттик тил жана улуттук аң-сезим» аттуу жогорку окуу жайлар аралык илимий-практикалык студенттик тегерек стол болуп өттү.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы №369 «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» аттуу жарлыгын ишке ашыруу жана кыргыз тилине мамлекеттик тил макамы берилгендигинин 36 жылдыгына карата уюштурулду.

Иш-чаранын жогорку деңгээлде өтүшүнө төмөнкү кафедралар түздөн-түз салым кошушту:

  • Ж.Баласагын атындагы КУУнун Социалдык-гуманитардык илимдер институтунун Философия, маданияттын теориясы жана тарыхы кафедрасы менен Кыргыз филологиясы факультетинин Манас таануу жана дүйнөлүк адабият кафедрасы;
  • М.Рыскулбеков атындагы КЭУнун Мамлекеттик, расмий жана чет тилдер кафедрасы.

Иш-чарага өлкөнүн алдыңкы алты жогорку окуу жайынын студенттери жана окутуучулар курамы жигердүү катышты:

  • Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети;
  • М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык илимий-изилдөө университети;
  • Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Юридикалык академиясы;
  • Эл аралык Кувейт университети
  • Кыргызстандын эл аралык университети;
  • И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети.

Тегерек столдун негизги максаты — жаш муундардын арасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү, улуттук аң-сезимди калыптандыруу жана студенттердин илимий-изилдөө иштерине болгон кызыгуусун арттыруу болду.

Талкуу учурунда мамлекеттик тилдин бүгүнкү абалы, санариптештирүү доорундагы ролу жана билим берүүдөгү маанилүүлүгү тууралуу баяндамалар жасалды. Катышуучулар «Мамлекеттик тил жана улуттук аң-сезим» темасынын алкагында төмөнкү маселелерди талкуулашты:

  • Улуттук идеология жана тилдин байланышы.
  • Кыргыз тилин заманбап экономикалык жана социалдык чөйрөдө колдонуу.
  • Жарлыктын алкагында «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» концепциясын жайылтуу.

Бул иш-чара университеттер аралык илимий байланышты чыңдоо менен бирге, студенттерге өз көз караштарын эркин билдирүүгө жана илимий тажрыйба алмашууга чоң аянтча болуп берди. Студенттер мамлекеттик тилди санариптештирүү жана илим тилине айландыруу боюнча кызыктуу баяндамаларды жасашты жана улуттук иденттүүлүктү сактоодо тилдин ролу тууралуу кызуу талкуу өткөрүштү.

Эки окуу жайдын ортосундагы илимий кызматташтыкты бекемдөө боюнча бир катар сунуштар кабыл алынды.

Уюштуруучулардын айтымында, мындай талкуулар жаштардын мекенчилдик сезимин гана ойготпостон, мамлекеттик тилдин өнүгүүсүнө жаңы дем берет.

Талкуунун жана баяндамалардын жыйынтыгында калыстар тобу тарабынан мыкты иштер аныкталып, төмөнкүдөй сыйлыктар тапшырылды:

  • Активдүү катышкан жана өзгөчөлөнгөн студенттерге I, II жана III даражадагы дипломдор;
  • Ар бир катышуучуга илимий изденүүсүн тастыктаган атайын сертификаттар.

Жаш ийгиликтерге жол көрсөтүп, студенттердин илимий иштерине багыт берген илимий жетекчилерге ыраазычылык барактары салтанаттуу түрдө тапшырылды.

Бул тегерек стол студенттер арасында илимий кызыгууну арттыруу менен бирге, мамлекеттик тилибиздин кадыр-баркын көтөрүүгө жана жаш муундун мекенчилдик сезимин чыңдоого чоң салым кошту.

(С) Аалиева Нурзат — философия илимдеринин кандидаты, СГИИнин философия, маданияттын теориясы жана тарыхы кафедрасынын доценти

Добавить комментарий